www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров менен Канат Исаевге болушунча кара пиар күчөдү. Демек, экөө тең күчтүү атаандаштар. Бул тууралуу пикирин журналист Аслан Сартбаев жазып чыкты.
"Ортодон бузукулар от алышууда. Тагдырдын тамашасын кара, Жапаров менен Исаевди камаган Сегизбаев болгон. Бул эргул бет пардасын сыйрып салып, кара жүзүн агартууга далбастап баратат. "Төңкөрүш кылам" деген мааниде ачык эле тап берүүдө. Коркок пенде ушундай болот... Саясатчынын кылган ишин, сүйлөгөн сөзүн сындаш керек. Фейктер, троллдордун ойдон чыгарылган жомоктору суу кечпейт...", - деп кошумчалаган Аслан Сартбаев.
Эске сала кетсек 10-январда президенттик шайлоо болуп өтөт. Президенттик шайлоого жалпы 18 талапкер ат салышат.
Булак: NazarNews.kg