www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Астана шаарынын мэри Асет Исекешев калаада өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы мэриянын маалымат бөлүмүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, ишкердик пункттардын, базарлардын жана мекемелердин ишин токтотууга кеңеш берилди. Ал эми өрт өчүрүүчү, полиция, өзгөчө кырдаалдар, медициналык мекемелер, тез жардам жана коммуналдык багыттагы кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Бороон-чапкындан улам бүгүн эртең менен Астанадагы “Нурсултан Назарбаев” атындагы эл аралык аэропорт жабылган эле. Андан тышкары, мектептерде жана окуу жайлардын 1-2-курсунун студенттери үчүн окуу токтотулган.

Булак: Азаттык

Последние новости