www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мавлян Аскарбековдун соту

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча жараян өтүп жатат. Бул тууралуу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин тең төрагасы Адиль Турдукулов "Фейсбукка" жазды.

Эскерте кетсек, Мавлян Аскарбековго Кылмыш кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” деген беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 16-январдагы авиакырсыктын жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда бийликти басып алууга чакырган деп шек саналып жатат. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеген.

Турдукулов түз эфирде көрсөткөн тасмага ылайык, Мавлян Аскарбеков жана анын адвокаты сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Аскарбеков сот процессти акыйкат карабай жатат деп айыптоодо:

- Сот процессте бардыгыбызга бирдей укук, бирдей мүмкүнчүлүк бериши керек. Тилекке каршы күбөлөргө мен, менин жактоочум экөөбүз суроо берсек бизге чектөө коет дагы, прокурорго каалаган суроосун берүүгө укук берип жатат. Анысы аз келгенсип сот өзүнө керектүү жоопту алыш үчүн, бүгүн келген күбөнү коркутуп, кадимкидей эле кысымга алып, такып жатат. Анысы мыйзамга туура келбей турганын менин адвокатым Жайлообаев айтып койсо, эми кайра менин адвокатыма эскертүү берүү аракетин көрүп жатат,-деди Аскарбеков.

Акыркы соттук отурум 2017-жылдын 25-декабрында өткөн. Анда айыпталуучу тарап судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу ​тууралуу өтүнүч келтирген, сот аны четке каккан - деп жазып чыкты Азаттык.

Активист болсо өзүнө тагылган айыпты четке кагып, аны оппозициялык ишмердиги үчүн куугунтук катары баалап келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости