www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров аймактагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында ага "Коронавируска чалдыккандар обсервацияда жаткандарбы?" деген суроо берилди.

Нурбек Сатаровдун айтымында, алардын арасында Бишкектен, чет мамлекеттерден, дааваттан келгендер бар.

"Обсервацияда иштеген медицина кызматкерлеринен дагы вирус аныкталган. Ошондой эле алар байланышкан адамдар дагы оору менен жабыркап жатышат", - деди ал.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунда коронавирус менен жабыркагандардын саны 76га жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости