www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жолу дагы Жеңишбек Эдигеевдин «Көк дептерин» уурадай качып, жалгыздыкка арналган пикирин окурмандарга сунуш кылууну чечтик.

--Үйдүн эле жанында атактуу клиника бар. Швейцариянын. Көбүнчө байлар келип дарыланат. Ар кыл өлкөдөн. Дүйнөлүк атактуулар келет. Бирок клиника аны сыртка чыгарбайт, маалыматты. Жашыруун. Ошондой болгону оң. Менчик оорукана. Шарты укмуш. Ооба, баасы да укмуш. Баса, ара чоло биздикилерден да көрүп калабыз. Кирип баратканын же чыгып келатканын. Бирок, ден соолук деген - ден соолук. Ким, колу канчалык жеткенинче жашай берсин. Бирөөнү талдаган туура эмес болоор. Эрксизден көп ойлодук, ата-энеңди ушул жакка алып келсек балким узак жашашат беле деп… Бирок, аным болбогон кеп, болбогон ой… Өмүрдү сатып атышыппы…! Андай эмес да… Ушинтип кайра өзүмдү тилдеп коем. Бул клиниканын эң үстү - бешинчи кабатында жалаң рак менен ооругандар жатат. Эреже-шарты ошондой түзүлгөн экен. Айтышат, өлөөрүн билгендер акыркы күндөрүн тынч, таза, комфорт жайда, эч кимге мүшкүлүн артпай, жаны тынч узаш үчүн атайылап ушул жакка келишет деп…

Анан калса алар көбүнчө ЖАЛГЫЗ жандар болот. А бул жакта жалгыздар көп. Өтө эле. Акча көп. Жалгыздык да көп. Жалгыздык элди, жерди тандабайт. Бирок адамдар аны өзүлөрү тандап алат. Билип туруп, өз колу менен курушат, жалгыз жашоону. Анткени жаштык барда жагымдуу болот жалгыздык, ал оңой жашалат. Ал адатка, мүнөзгө анан барып миңдеген тагдырга айланат. Ошентип менталитет түзүлөт. Ал жугуштуу оорудай экен, жалгыздык дагы. Анткени ал оңой. Анткени ал жеңил, жалгыз жашоо. Жашыңда, өмүр барда, али жашоо кө-өп кезде, жеңил болот, жыргал болот. Бирок минтип аягы оор жалгыздык. Бүт өмүрүң бош араба сымал… акыры келчү жерге токтогондо өкүт экен, арман экен! Кээде алдынан өтүп баратып бешинчи кабатын карап коем… Кээ бири балконго чыгып калышат. Алыстарды, дүйнөнү карап, жашоону карап…А мен болсо башты салып, чөптөн жапыз болуп, “Ээ, десең…!!!” деп, миң нерсеге тобо кылып, аларга болушунча эрк, күч тилеп, анан да алардын бир көз караш, турпатынан жашоонун эки миң жообун таап, көзөдөрүнөн көрүп өтүп кетем, шаша басып. Бешинчи кабат…

Биз баарыбыз азаптанабыз, бирок ар кандай азап менен, баарыбыз ооруйбуз бирок ар кандай оору менен, баарыбыз түбөлүк узайбыз ар кандай себеп, сааты менен, баарыбыз сүйө алабыз, бирок ар түркүн ченем менен…
Издер тоодо калбайт, эсте калат. Эсиңде калбагандар демек табылбай таруудай чачылгандар... Камдап жүргөн экинчи толкун, экинчи демиң бар болсун дайым! Сактап жүргөн. Баштагыдан алдуу, күчтүү! Убакыт менен көп дарыландым. Эми ал мага таасир этпей калды… Биз канчалык билимибиз жакырланган сайын башкаруучулар көбөйөт. Чөнтөгүбүз жакырланган сайын “душмандар” көбөйөт. Биз сагынган, биз суктанган жер - бизге түбөлүк күмбөз болот. Табияттын бул калыстыгына да ырахмат. Бири арканды узун ыргытат бири кыска… кандай болсо да ыргытаар арканың болсун, колуңда…

Тамырга кайтуу - артка кайтуу эмес, бул улуттун же ошол цивилизациянын өмүрүн узартуу. Биздин тамыр алар тергеген “эски”, “караңгы” жерде катылып жатат. Кудай, кудай дегенибиз менен ичибизден башка кудай башкарып келет: байлык, бийлик, тирилик деген…

Жеңишбек Эдигеев, Швейцария

Булак: NazarNews.kg

Последние новости