www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башыда селден келтирилген зыян 2 млн сомдон ашты

Ат-Башы районунда селден улам келтирилген зыяндын көлөмү 2 млн 55 миң 600 сом деп бааланды.

Маалыматка ылайык, 12-июлда жааган жаандан кийин Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы Орто-Кайыңды коктусунан түшкөн сел суулары айыл чарба жерлерин, эс алуу жайын, балчылардын бал челектерин жана бир унааны агызып кеткен.

Жарандык коргонуу комиссиясынын маалыматы боюнча, селдин кесепетинен жеке ишкерлердин 180 бал челеки, Lexus RX-300 үлгүсүндөгү унаа, 20 тонналык контейнер зыян тарткан.

Ошондой эле бир мал кармоочу сарай, эс алуу жайындагы эки боз үй жабыркап, 14 дыйкандын 40 гектар жериндеги көп жылдык чөп, картошка жана арпа айдоо аянттары капталган.

Мындан тышкары, селден кийин 1100 метр канал-арыктар кумга толгону аныкталган.

Учурда келтирилген зыянды жоюу жана зарыл болгон иштерди жүргүзүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Последние новости