www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин жалгыздыгы менен сыйдан калгандай абалы коомчулуктун назарын бурууда. Анын эч жакка чакырылбай, эч жерде күтүлбөй жатканы барган сайын көбүрөөк айтылууда. Эч бир жерде – расмий, коомдук жана эл аралык иш-чараларда Атамбаевдин караанынын көрүнбөй калганы аны “элден чыгып калдыбы?” деген суроону күчөтүп келет.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев экс-президенттин элге кайра аралашуусунун жолдорун санап өз баракчасында пост жазган. Анда ал “Атамбаев өткөн-кеткен былык иштери үчүн элден, Отунбаева, Текебаев, Жапаров баш болгон саясатчылардан, президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурап, андан кийин өзүнүн жемкорлуктан тазалыгын далилдей алса гана элге кайра кошула алат” деген.
Бул талкууга аралашкандардын дээрлик көпчүлүгү Атамбаевдин кыргыз элинин алдында кечирилгис күнөөлөргө батканын баса көрсөтүшөт. Алардын арасынан коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов экс-ажонун “далыга бычак саяр” мүнөзү бар экенин белгилейт.
- Эң негизги маселе кечирим суроодо эмес. АШАнын характерин биз жакшы билебиз го, бүгүн кечирим сурап туруп, эртеси далыңа бычак саят. Элибиздин, балдарыбыздын келечегин уурдаганын кантебиз, кантип кечиребиз! Эң биринчи Кытай мамлекетинен карыз алган акчаны, уурдалган акчаны мамлекетке кайтарып бериш керек! Ошондон кийин гана анын тагдырын талкууласак болот, калганы кур сөз, - дейт Жекшенкулов.
Ал эми дагы бир коомдук ишмер Кеңешбек Айтикеевдин пикиринде Атамбаев эккен эгинин түшүмүн алып жатат.
- "Эмнени эксең ошону аласың" деген сөз бекер айтылбаган. Атамбаев өзүнүн эккен эгининин түшүмүн алып жатат. Күнөөсү жок адам Отунбаевага окшоп эл ичинде жаркылдап басып жүрөт, күнөөсү бар адам ыштанына чычып алган баладай болуп, мелтиреп олтуруп берет. Кандай десеңер да Атамбаевдин элге кошулушу кыйын, ал өзүнө-өзү ор казып койгон.
Булак: NazarNews.kg