www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаабыздын жаны башчысы болуп Азиз Суракматов экинчи класстын денгээлинде оз эне тилин билбей, бир сөздү туура жаза албай, коомчулукка шылдын болуп, анткен менен аттуу-баштуу тилчи-окумуштуу агайларыбыз “Кыргыз тилин билет”,-деген баа беришип, кызыл кыргын, сары сүргүн менен шайланбадыбы. Эми мэрдин ошол ызы-чуусу бүгө элек жатып дагы бир коомчулукту дурбөткөн окуя болду. Анткени мэр ишин чарбалык көйгөйлөрду чечүү менен эмес, 100 мин сомго кыргызча-орусча сөздүк сатып алуу менен баштап отурат.

Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Тулөбаевдин «Фейсбуктагы» баракчасына жазганы боюнча, бул сөздүктөр кыргыз тилин өнүктүрүү борборуна сатып алынат. Андан сон райондордогу акимияттарга таратылып, документтерди толтуруу жана башка иштерге колдонулат. Демек, мындан ары мэриянын эле эмес, акимчиликтердин кызматкерлери да тигил же бул иш кагазын жазууда өздөрү тушунбогон сөздөрдү ( сөздүктөн таап, туура жазышат өндүү. Албетте, сырттан караганда мындай калам туурадай эле сезилет. 100 мин сом килейген бюджети бар шаар үчүн  болбогон эле акча. Ансыз деле бир орто чиновник миллиондорду “ап” этип коюп атпайбы.

Бирок мэрлик кызматка кыргызча жаза албаган, сүйлөгөндү билбеген, “шаар” деген сөздү “шар” деп жазган жетекчи жогор жак менен кландардын үстөмдүгү аркылуу шайланса эле калган майда чиновниктер үчүн да эне тилин билбегендик кечиримдүү болбош керек да. Балким, андан көрө кыргызча так сүйлөгөн, жаза билген кызматкерлерди жумушка алуу туура болуп жүрбөсүн? Азыр мындай сабаттуу, мекенчил жаштарыбыз жок эмес да. Канткен менен “мойнунан жетелеген ит ууга жарабайт”,- демекчи, өз эне тилин билбеген, лили, тили буруу мамчиновниктер анан кантип өз өлкөсү үчүн берилип иштесин?

Баса, АША доорундагы эн жаш министр деген А.Новиков да кыргыз тилин үйрөнүүгө ушунча суммада бюджеттеги акчаны болом деп саясый карьерасы көпкө узабады эле…

Булак: "Майдан"

Последние новости