www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Себеби, ал бийликке келер замат чечкиндүү саясый кадамдарды жасаган. Ислам Каримовдун айынан саясый туткунга айланышып, түрмөдө жаткан коомдук ишмерлерди тез арада эркиндикке чыгарган. Мирзиёевдин адилеттүү, айкөл буйруктары Өзбекстанда эле эмес, Борбордук Азияда да колдоого алынганы эсибизде.

Ал ошого катар үлкөн коррупционерлерди, шектүү күч органдарынын башчыларын камата  баштаган. Андан соң экономикалык, өндүрүштүк багыттагы реформаларды жөнгө салып, бул жааттагы кадрлардын профессионалдуулугуна көңүл буруп, туура пайдаланганы, ал эми тышкы саясаттагы көрөгөчтүгү, ачык позицияны тутунганы да колдоого алынган. Кошуна өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди жакшыртып, о.э. Россия, Кытай сыяктуу чоң державалардан инвестиция тартуунун мисалын көрсөтүп келатат.

Кыскасы, Өзбексгандын өнүгүшү үчүн кадыресе жол салып койду. Учурда коңшу өлкөлөр Шавкат Мирзиёевден үлгү алышары жашыруун деле эмес го...

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости