www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жогоруда айткан дин башкармалыгынын жакшы сөздөрүн, насыят сөздөрүн, баардыгын көкүрөгүбүзгө, жүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак, Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү да тез болот» деп спикер Дастан Жумабеков аянттан Курман айттагы сөзүңдө «балп» эттирди. Албетте, бул сөз «жылмаланганы» менен коомчулукка коркунуч жаратканын байкоого болот.

Себеби, Кыргызстан светтик өлкө. Баардык диндерге тең кароо расмиси бар. СпикерЖумабеков муфтияттын астында калып, диний үгүт менен өнүгүүгө басым жасап атса, терең жаңылышканы ушулбу? Биздин башкы мыйзамдарыбызда дин саясаттан сырткары турарын унуттукпу?

Ток этери, Жогорку Кеңештин төрагасы «дааватчыга» айланбастан Курман айт майрамы менен тек гана куттуктап, элибизди ынтымакка чакыруу менең гана чектелсе жарашмак. Тилекке каршы, ал муфтияттын бир кызматкериндей элес жаратып койду.

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости