www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат шаарында Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынын имаратынын алдына жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасынын каармандары Дүйшөн менен Алтынайга эстелик тургузулду. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу Азаттыка билдирди.

23-августта эстеликтин ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жасалган эстелик жергиликтүү мектеп-гимназиянын мугалимдеринин колунан чыккан.

“Биринчи мугалим” повестин Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов 1962-жылы жазган. Чыгарма Кыргызстандын айылдарында билим берүү системасын орнотуу жана патриархалдык салттар менен күрөшүү темасын чагылдырат. Анын негизги каармандары Дүйшөн жергиликтүү тургундардын каршылыгына карабай балдарды окутууга аракет кылса, жетим кыз Алтынай туугандарынын тоскоолдугуна карабай билим алууга умтулат.

Чыгарманын негизинде “Биринчи мугалим” аттуу фильм тартылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости