www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-августта, Ашхабад  шаарындагы Түркмөнстандын Көз карандысыздык аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки Президент Ардактуу кароол менен учурашты, кыргыз жана түркмөн тараптардын расмий делегациялары жана дипломатиялык миссия жетекчилери  менен тааныштырышты. Түркмөнстандын аскерлери салтанаттуу марш менен өткөрүлдү.

Расмий жолугушуу  аземинен, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин  Мамлекет башчылары  «Огузхан» атындагы Түркмөнстандын  Президентинин ак сарайына тар курамда жолугушуу  үчүн бет алышты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости