www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбуктагы активисттер жакында видеосу тарап, анда Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири Салимбай Абддувалиевге барып "сиз Кыргызстандын тирегисиз" деп айтышкан Жалил Атамбаев менен экс-депутат Нургазы Айдаровду жарандыктан ажыратуу демилгесин көтөрүштү.
Нургазы Айдаровду кыргыз жарандыгынан ажыратуу аракетин баштайлы!
Нургазы Айдаров ал Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты. Эл тарабынан шайланган депутат катары орду бар. Чоң жоопкерчилик жүктөлгөн кызматты аркалаган. Мына ошол киши, кылмыш дүйнөсүндөгү төбөлгө барып, бир улуттун, кылым карыткан кыргыз элди жерге тебелеп, кадыр баркын төгүп келген видеосун көрдүм. Салимбай аттуу кримтөбөл ал кылмыш дүйнөсүндөгү таанымал фигура. Бирок ал кыргыз эли, Кыргыз мамлекетине эч качан тирек, жөлөк боло албайт. Ага карабай Нургазы Айдаровдун "...Салимбай ака кыргыздардын тиреги, Салимбай ака тирүүсүндө кыргыз эли жашайт..." деген кошомат сөзү биздин намысыбызга катуу тийди. Ал, Нургазы Айдаровдун тиреги болушу мүмкүн, бирок улуттун тиреги эмес! Бул үч жолу депутат болгон адамдын оозунан чыга турган сөз эмес эле. Мындай окуя келечек муунга сабак болушу үчүн, мындай осолдукка кыргыз эли кайдыгер эмес экенин далилдеш үчүн - Нургазы Айдаровго өтө оор жаза берүүнү демилгелейм.
Ошондой эле аны менен чогуу барып, коштоп кошомат айткан Жалил Атамбаев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун кадырына шек келтирди.
"...Салимбай ака, Сооронбай Жээнбековду колдойт..." деп айтып келе жатканда Салимбай Абдувалиев анын сөзүн буруп, токтотуп салды.
Жалил Атамбаев угушубузга караганда президенттин жердеши болот. Чын эле ал Салимбайдан президентке колдоо алып берүү үчүн барганбы же атайын президент Сооронбай Шариповичти "подстава" кылдыбы, айтор кыргыз ажосун уятка калтырды. Мындай улутту уятка калтырган эки кошоматчыга кандай жаза берилиши керек, элден чыгаруу туурабы?
Улуттун чыккынчысын - кыргыз жарандыгынан ажыратуу керек. Жаңы кабыл алынган Конституцияда жарандыктан ажыратуу боюнча мыйзам бар.
Урматтуу намыскөй элдин урпактары!
Мындай осолдукка карап отура бергенибиз уят. Мыйзамдуу жолун тактап, аны тез арада кыргыз жарандыгынан ажыратып, үй мүлкүн конфискациялап, үй бүлөөсү менен Салимбай байбатчага малай кылып берүүбүз керек.
Бийликтен буларга чара көрүшүн талап кылам. Анткени булар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирди!
Ссылка: https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1821664127868553&id=100000749508619
Булак: NazarNews.kg