www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туңгуч кичи районунда акыл эстен жабыркаган 35-40 жаштагы эркек адам жүрөт. Өткөн кеткен адамдардан акча сурап ар кимге тийише берет. Дайыма аны көргөн, тургундар аны айланып өтүүгө аракет кылышат. Бирок акыркы убактарда ал өзүн агерсивдүү алып жүрүп жатат.
Бүгүн эртең менен мен тратуардан өтүп бараткам, ал дайымкыдай эле тыйын сурап турган экен. Мен кадамымды бат-баттан таштап өтүп кетүүгө аракет кылдым, бирок ал менин жолумду тосуп алды. Капчыгымдан 12 сом чыкты. 3 сомдук тыйындар болгондуктан ал мага "эмнеге 5 сомдук тыйын кылып бербейсиң"- деп кыйкыра баштады.
Анан туруп эле кимдир бирөөлөрдү сөгүп сүйлөнүп жатты. Мен алысыраак кетип калсын деп күтүп жаттым. Ал кетип баратып кайра мени эстеп кетти окшойт, кайра келип менден 5 сомду талап кыла баштады. Мен өзүмдү жоготуп койгондуктан кетип бара жаткан аял мага жардамга келип ал адамды алысыраак алып кетти. Ал адам кайра мени куткарган аялдан 5 сом сурай баштады. Ушундай көрүнүш күндө кайталана берет.
Айланадагы адамдардын айтуусунда аны баары кичинесинен бери билишет экен. Ал ар дайым аба-ырайына жараша кийинет. Ошондуктан аны көчөдө үйү жок жүргөндөрдүн катарына кошо албайм. Бирөө көз салып ар дайым каралашып жүрөт окшойт.
Мен бул адамдын жакындарына оор болуп жатканын түшүнөм, бирок көчөдө балдар ойнойт. Сыртынан коркунучтуу көрүнбөгөнү менен ичинен эмнени ойлоп жатканын эч ким билбейт да. Балдардын, тургундардын коопсуздугун камсыз кылган органдар кайда жүрөт? Көңүл буруп койушпайбы!
Call-центрге билдирүү калтырган Айдана
Булак: NazarNews.kg