www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Раиса Атамбаева Атамбаевдин экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси. Экс-Канайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү.Экс-ажонун мурдагы шопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө бийлик алмашкандан кийин алда неден чоочулап, бирде ажылык сапарды шылтоолоп, бирде апасынын ден-соолугунбетине кармап эле Кыргызстандан качып калган болчу. Бирок аны кармарп келишип өз жазасын өзү тартып жатат.

Бир учурда ал эч кандай апасынын ден-соолугуна камкордук көрбөй эле Татарстандын борбору Казань шаарындагы экс-канайым Раиса Атамбаева түптөп Койгон бизнеске көзөмөлдүк кылып жатканын маалымат булактары жазып чыгышкан. Тактап айтсак, ал бизнести Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласы менен Икрам байбача биргеликте көзөмөлдөп жатышканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Анан эле  Илмиянов Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келингенден кийин эле жада калса Орозо айт күнү элибизди куттуктап коюуга жарабай, ден-соолугун шылтоолоп эле жүргөн А. Атамбаев Орусияга жеңесинин тажиясын шылтоолоп шашылыш жашырынып барып келди.

Дурусураак шылтоо табаалбаганына өзү деле бир аз кейисе керек, бирок анын бул жолку сапарынын негизги максаты жогорудагы себеп эмес, Казань шаарындагы бизнесине сарсанаа болгонунан улам жасалган сапар болгон экен. Ал Орусияга барып, ал жактан өзүнүн ишенимдүү адамдарынын бирине ошол Казань шаарындагы бизнесин «жакшылапиштет» деп тапшырып келиптир.

Демек, ал өгөй баласына же Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласынв ишенбей турганын түшүнө берсек болобу? Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып чыкты. Атамбаев өгөй баласына неге ишенбейт экен, анан ага эл ага ишенеби?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости