www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Атамбаевчилерден арылуу башталды...

Президент Сооронбай Жээнбеков акырындап бийликтеги ашынган атамбаевчылардан арыла баштады. Жээнбеков  да атамбаевчы. Бирок айдалып жаткан атамбаевчылар бөтөнчө атамбаевчылар. Алар мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан Атамбаевдин жана өздөрүнүн кызыкчылыктарын жогору коюшка даярлар.

Алардын анабашы болуп Фарид Ниязов кетти. Ага чейин Коопсуздук Кеңештин катчысы аталган Алмазбек Курманалиев деген кеткен. Атамбаевдин аппаратын аз күн башкарган Үсөнов деген да куйругун түйгөн.

Эми УКМКадагы мурунку кожоюнга өтө берилгендерге кезек келе баштады. 4-апрелде УКМКанын 9чу башкармалыгынын башчысы Дамир Мусакеев кызматынан бошотулду. Ал 31-мартта Атамбаев курултайында анын коопсуздугун камсыздоо үчүн чебелектеп жүргөн эле. Мыйзам болсо ага жол бербейт.

3-апрелде ички иштер министри Улан Исраилов президенттен катуу “алым-сабак” алып чыкты. Анын да кызмат креслосу кыймылдай баштаганы айтылууда. Бирок Конституцияга ылайык, президент ички иштер министрин түз бошото албайт. Ага өкмөт башчынын сунушу болуш керек…

4-апрелде Жээнбеков Коопсуздук Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаевдин катышуусунда УКМКанын башчысы Абдил Сегизбаев жана АКСтын башчысы Сагынбек Исамаиловду кабыл алып, анда коррупцияга тиешеси бар чиновниктерди буга чейин сиңирген эмгек жана жетишкендиктерине карабай жазага тартууну талап кылды.

Бул талап Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келген Атамбаевге да тиешелүү болорун айтуу азыр эрте. Бирок коомчулукта Атамбаевдин ар кандай шектүү иштерге аралашканы боюнча шекшинүүлөр арбын. Атамбаевдин мына ошондой иштерин изилдөөгө алган Өмүрбек Текебаев өткөн жылы жалаа менен камакка алынганы белгилүү.

3-апрелде коомдук ишмер жана саясатчы Эдил Байсалов Атамбаевге бир нече курч суроолорду видео аркылуу коюп, анын шектүү ишкер өнөктөрүн атаган. Бул дагы иликтөөнү жана жоопту талап кылган маселе.

Кумтөр боюнча жаңы келишим, Бишкек ЖЭБин модернизациялоогу коррупция, Бажы, салык тармагындагы миллиарддаган сомдук коррупциялык схемалар баары жоопторду талап кылган маселелер…

Булак: Элньюс

Последние новости