www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаев жана башка айыпталуучуларга байланышкан сот отуруму уланды. Отурум судья Азирет Медеровдун төрагалыгы менен өтүп жатат.

Бир өндүрүштө 3 кылмыш иши бар. Үчөөндө тең А.Атамбаев айыпталуучу. Ал Кой-Таштан мыйзамсыз жер тилкесин ээлеп алуу, мыйзамсыз баюу жана Кой-Ташта 7-8-августта болгон баш аламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып жатат.

Бүгүнкү отурумга А.Атамбаев, айрым жактоочулар жана жабырлануучу тараптын айрым өкүлдөрү катышкан жок. Маалым болгондой, Атамбаев өзүн жаман сезип жаткандыктан отурумду уланта берүүнү суранган. Бул билдирүүгө №47 абактан берилген медициналык маалым кат тиркелген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости