www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Текебаев отуз жылдан бери президентке мураскер, бирок башка адам президент боло калат. 2015-жылы президент Атамбаев Мелис Мырзакматовду сыртынан жети жылга кесет. 2020-жылдын 8-октябрында Жогорку сот Мырзакматов Мелистин эстакада боюнча кылмыш ишин токтоткон. Атамбаевдин амбициясынан улам "Ата-Мекен" менен "Улуу биримдик" баш кошушкан. Ушул «саясий никенин» натыйжасында «Улуу биримдик» партиясынан Гайпкулов 2017-жылы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. "Ата Мекенчи" Текебаев Жапаровго тиешелүү президенттик Конституцияга каршы чыкты. Ал эми "Ата Мекен" фракциясынан Искендер Гайпкулов президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Демек, "Ата-Мекен" менен "Улуу биримдик" партиялары ажыраша баштагандай.
“Баатыр” болсоӊ жоопко тартылып, коркок болсоӊ “Манас” орденин аласыӊ
Убактылуу ѳкмѳт бийликке келген соӊ тѳрайымдын биринчи орун басары Атамбаев менен орун басары Текебаевдер Кыргызстандын "№1 отдел кадрларына" айланышкан. Кадрдык "резервдери" жок Атамбаев, Текебаев айыл ѳкмѳттѳрʏн (Таласта) губернатор, шопурларын мамлекеттик кызматка кѳтѳрѳ баштады. Кадры жок болсо эмне кылат? Ошол эле ѳзʏ жамандап жʏргѳн Максим Бакиевдин кулкуну чоӊ Кулматов сыяктуу Бажыканада “коррупциялык схемаларды” тʏзгѳндѳрдʏ баса калып кызматка ала баштаган. Бир гана Оштун мэри Мелис Мырзакматов Убактылуу ѳкмѳттʏ “илинип турган колбасадай" кѳрбѳй, эл ʏчʏн кѳкʏрѳгʏн тосуп туруп берди. Аны канчалык алып тʏшѳбʏз деп интригаларды уюштурса да кылын кыйшайта алган жок. Ал эми Ош облусуна губернатор болгон бийлик-дос Сооронбай Жээнбековду кийин мэр болгон Айтмамат Кадырбаев кѳчʏккѳ тээп кубалап чыккан. Тʏштʏктѳ "чымындын чычаӊындай" кадыр-баркы жок Атамбаев, бул жактагы кыргыздардан кадыр-барк кʏтѳ албасын билип, ѳзбек электоратын өзʏнѳ тартуу ʏчʏн Кадыржан Батыров сыяктуу эл бузарлар менен кызматташып, ѳзʏнѳ тартып турган. 2010-жылдын май айларында Тʏштʏктѳ ал-ахыбал оорлой баштаганда Үсѳн Сыдыков, Исхак Масалиев сыяктуу "контреволюционерлер" баш кѳтѳрʏп, Атамбаев менен Текебаевдин келмелери ооздоруна келип, эл бузар Кадыржан Батыровго таянып, Кытайдын Бээжинин чапкансып, кыргыздын Тейитин чаап, кыргыздын мамлекеттик туусун жыгышкан. Буга эрдемсинип калышкан Батыровго окшогон сепаратисттер бийликтин алдында ѳз талаптарын коё баштаган. Албетте, алар ʏчʏн бийлик каалаган кызматтарын беришмек. Батыровдор кызматка тʏкʏрʏп коюшкан жок. Мурун ѳзбек тилин официалдуу тил кылабыз деп кʏпʏлдѳп жʏрʏшкѳн “Батыровщина" эми тʏз эле Тʏштʏктѳ ѳзбек автономиясын талап кыла баштады. Атаӊды, кокуй-ай ал Атамбаевдин колунан келмек беле, же Тʏштʏккѳ ѳзбек автономиясын берʏʏ жер сатар Темир Сариевге "Манас" орденин бере койгондой кеп бекен? Кадыржан Батыров Тейитти чапканы ʏчʏн "Кыргыз эл Баатырын" сураса "ме" - деп бере коюшмак да. Ал эми ѳзбек автономиясын Атамбаев миӊ берсе да, Кыргызстанда жашаган кыргыз калкы бермек эмес. Бийликтин колдоосуна дардалаӊдашкан Батыровдор "ѳзбек автономиясын"ала албасына кѳзʏ жеткен соӊ, куралдуу чатакка даярдык кѳрѳ баштаган. Колунда коопсуздук комитети баш болгон, кʏч органдарын координациялап турган, оппозициянын чычканы жѳрмѳлѳсѳ билген Атамбаев муну кантип билбей калды экен? Таӊ?! Ал эми Оштун мэри Мырзакматиов муну билип Убактылуу Өкмөткө бир нече ирет билдирүүлөрдү берген, бирок борбордо аны ким угат эле?
Эл алдында Мырзакматов эмес, Атамбаев жооп берчү убак келди
Ош окуясы чыккан маалда Убактылуу ѳкмѳттʏн Коргоо министри той ѳткѳзʏп, мамлекет жетекчилери той ʏстʏндѳ чалчактап, “тансы” тээп турган убак болгон. Ош, Жалал-Абадда жарандар кырылып жаткан... Эӊ биринчилерден болуп Оштун мэри Мелис Мырзакматов ДЗОТко тѳшʏн тосуп, тѳгʏлʏп турган канды кечип, атылган октон жалтанбай, эки элди жараштырып жʏргѳндѳ Атамбаев каякта эле? Ошол мезгилдеги кʏч органдарын жетектеп турган Кубат Байболовдун айтуусунда: “Атамбаев июнь окуялары башталганда 7 кʏн боюу “Форумда” бекинип жатып алган”. “Таппасаӊ сыйпалап кал”, мамлекеттеги экинчи адам, мамлекет согуш абалында турса 7 кʏн эмес, 7 мүнөт жок болуп кетсе, Сталин аттырып салмак. Отунбаева Сталин эмес, бирок, эмне себептен ушундай оор кырдаалдарда жок болуп кеткени ʏчʏн Отунбаева жок дегенде биринчи орун басарына сѳгʏш бербеди? Кагылайын калыӊ журт, калк башына кʏн тʏшкѳндѳ, кандай журт ээси башын калкалап жатат? Бул жерде эки версия бар. Биринчиси, той учурунда “высокопоставленный” мамлекеттик жетекчи ашыкча “майрамдап” алып, “психикалык комага” тʏшʏп калышы толук мʏмкʏн. Невропатологдордун айтуусунда алкоголдук ичимдиктен соӊ “психикалык комага” тʏшкѳндѳр (орусча “запой”), бул “оорудан” айыгуу ʏчʏн туура 7 кʏн керек. Экинчиси, Ош окуяларын угуп алып, эл тынчыганча коркуп 7 кʏн бекинип жатты. Эгер андай болсо эл кечирбейт, эл башына кʏн тʏшкѳндѳ жашынып жатып алганы болбойт. Бирок, ушундай коркоктугу ʏчʏн президент Отунбаева “Манас” орденин тапшырып жатты беле? Баса, Ош окуясы учурунда от менен чокту кечип жүргөн Бекназаров “Манас” орденин алгандан баш тартып салган. Татыктуу эле, айрыкча Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов менен коменданты Кубат Байболов качып жүргөндө ал кездеги жумушсуз Камчыбек Ташиев менен биригип жалпы элге дух берип, кыргызга кастыгын тилеп турган Сампаны тынчтандырган. “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”-дейт, Мырзакматовго окшогон эр жигиттер бекинип жатып алганда, анда эмне болот эле? Жок, Мелис мырза кантип жатып алсын, элди чатакташтыруу оӊой, ал эми чатакташкан элди жараштыруу Мырзакматовго окшогон жигиттердин колунан гана келет. Жашынып жатып алган Атамбаев эки элди жараштырам деп барса, аны кѳчʏккѳ тээп кубалап чыкмак. Элди жараштыруу ʏчʏн, эл арасында Мырзакматовдой кадыр-баркы болуш керек. Мырзакматовдун мындай эрдиги ʏчʏн жогорку наам кѳрсѳтʏшʏ керек эле. Жок, “Жоо кеткенден кийин кылычыӊды ташка чап”. “Тѳѳ кыядан ѳткѳн” соӊ, кыргыз ʏчʏн кыпындай иш бʏтʏрбѳй, Орусияда мигрант болуп ѳз жанын баккан Алиясбек Алымкуловго министрге кошуп, “Кыргыз эл Баатырын” берип коюшпадыбы. Ал эми Мелис Мырзакматовдун артынан аӊдып жʏрʏшʏп, акыры Оштун мэринен мыйзамды бузуп алып тынышты.
(уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg