www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын акыны Ли Бого Кыргызстанда эстелик курууну ойлобошубуз керек, эмнеге? “Дедкасым” Атамбаевдин заманында  ата-тегин Шао-Маого жеткизип Кыргыз Эл Баатырына татыктуумун деп жүргөндө, Атамбаевге санжырасы жакпай калат да  “Манас” орденин эле берип койот. Ал жазган санжырасы жасалма экени белгилүү. Анткени, “Дедкасымдын” жазгандары боюнча Атамбаевдин аталары Ноорузбай Алымбек датка менен катарлаш Коконду алган адам экен. Бир айтканы боюнча аталары Пулатхан менен чогуу жүрүп Коконду ыйлатыптыр. Архивден  он башы Сарбагышов Шаманы  (Шао-Мао) табат да, жазган санжырасында Сарбагыш деген жок, өзүнө-өзү каршы чыгат.  

 Кытай тарыхындагы кыргыздын биздин заманга чейин 1000 жыл мурун тарыхы Атамбаевдин заманында эле белгилүү болгон. Бирок дүйнөлүк тарыхчылардын жалпы бир пикирге келе элек, ошондуктан муну ал кезде даңазалап эч ким чыгарган эмес. “Мурас” фондусунан 50 миң айлык алып отурган  “Дедкасым” бул айлыгын актап, ата-тегин издеп Атамбаевге жагынып жүргөнүн унуткарыш үчүн  Кытайга президент Жээнбеков барардын алдында эле Бээжинге кайта-кайта барып калган. Көрсө сыры, азырынча имиш катары турган окуяны президент Жээнбеков Бээжинге барганда ачып, муну сенсация кылайын деп жүрүптүр. Ал үчүн кытайдын окумуштуулар дүйнөсүнө Токмокто туулган жеринде Ли Бого эстелик орнотууну убада кылса керек. Ли Бо улуу акын, бирок Кыргызстанга эстелигин тургузбашыбыз керек. Ал кездеги Тан династиясы алды Каспийге жеткен, кыргыз жери да Тан династиясынын кол алдында калган,ошол үчүн Кытай шовинисттери ушул карта боюнча тарыхий жактан Кыргызстанды өз жерибиз деп жүрүшөт, эгер Ли Бого эстелик орнотсок тигине өз жерибизге кыргыздар Ли Бого эстелик орнотуп жатышат деп чыгышат. Ал эми “Дедкасымга” окшогон кыргыз элинин кызыкчылыктарын саткандарга бары бир. Анын Атамбаевдин ата-тегин жасалма таап берип миллиондорду алганы азбы, эми чыккынчылык жолу менен кытайлыктардан акча алганы калганбы? Кытай менен кыргыз мамилесин ал өтө саясатташтырып жиберди. Ал мурун Атамбаев бар кезде Орусиянын бутунан өөп Юлий Худяков менен Виктор Бутанаевди бутуна жыгылып кайра-кайра чакырып, тарыхчыларды көзгө илбей, аспиранттар менен тосуп калган . Көрсө, “Мурастан” муратына жетип жүргөн  “Дедкасым” кыйын тарыхчылар бетиме чиркөө болот деп жүрсө керек, эми да бул фонддун эсебинен акча чачып, досторунун мааракесин уюштурганы жатат. Эмне “Мурас” фонду “Дедкасымдын” жалгандарын чындыкка айлантып, досторуна маараке уюштуруш үчүн түзүлгөн беле? Же кытайлык Ли Бого эстелик орнотуш үчүнбү?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости