www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада «24.kg» маалымат агенттигинде «Илим кыйын абалда, тууганчылык гүлдөп жатат» деген темада пресс-конференция өткөн. Азыркы учурда Улуттук илимдер академиясында 99 изилдөө долбоору ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатса, бир жыл ичинде 1300 илимий эмгек жарыяланган, анын отуз бир пайызы мартабалуу чет өлкөлүк журналдарда чыккан.

Бул маалымат тууралуу КР УИАнын басма сөз кызматы билдирди. 

«Ушундай илимий жетишкендиктерди жокко чыгарып, «илимдер академиясында иш болбой калды» деп кыйкырып, суу ичкен кудугуна түкүрүп жаткан кимдер болду экен?» деп кызыгып көрдүк. Академиянын профкому Анара Алымкулова өкмөттүн, президиумдун эмгегин өзүнө «менчиктештирип», кызматкерлердин айлык маянасын өзү көтөргөнүн, болгону үч ай кечигип көбөйгөнүн жар салды.

Ал эми илимдер академиясынын институттарынын профкомдору А.Алымкуловага пресс-конференция өткөрүүгө ыйгарым укук бербегенин баяндап, «24.kg» маалымат агенттигине кайрылуу жөнөтүшкөн. Көрсө, пресс-конференцияга келип арманын айтып отургандар негизинен бир-эки жыл мурда иштен бошогон кызматкерлер экен. Абдымомун Насыров мындан үч жыл мурда жоюлган КР УИАнын түштүк бөлүмүнүн медицинадык маселелер институгунун өкүлү, Роза Коңурбаева «Илим» басмасынын дирекгору, убактылуу иштен четтетилген, Умар Жаныкулов философия, укук жана социалдык-саясый изилдөөлөр институтунун мурдагы окумуштуу катчысы, Иван Брякин машина таануу жана автоматика институтунун кызматкери, Зарылбек Сулайманов Ысык-Көлдөгү балдар эс алуу борборунун мурдагы директору, Медет Ахматов ботаникалык бактын мурдагы жарым ставкадагы кызматкери, эко-техинспекциянын талабы менен жумуштан кеткен.

Албетте, ар бир жаран сөз эркиндигине ээ, бирок, иштин азыркы абалынан кабары жок мурдагы кызматкерлер эски көйгөйлөрүн кайра жаңыртып айтуунун кандай зарылдыгы бар эле? Ошон үчүн алар илимдер академиясында азыркы кезде жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер жөнүндө ооз ача албай коюшту. Аларды жыйып, ээрчитип барган А.Алымкулова болсо профкомдун президиумунун атынан келгенин айтты.

Бирок профкомдун президиумундагылар да бул чуулгандуу пресс-конференциядан кабары жок болуп чыкты. Илимдин начарлап, жүрбөй калганы жөнүндөгү, академияда тууганчылык «гүлдөп» кеткендиги жөнүндөгү алдын ала айтылган сөздөр жалган болуп чыкты.
 

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости