www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байлар акча үчүн ыйлабайт, кээ бир байлар пенсиясын эл үчүн кечип койот. Жамин Акималиев деген кыргыз бар. Ал учурунда депутат, академик болуп жүрүп итапкан пенсия алмак. Бирок ушундай да кыргыздар болот экен, эл ушинтип кыйналып турганда пенсия албайм деп,бюджетке аз да болсо  үнөм кылыптыр. Эми башка деле акчалары жетет эле биздин ач көз чиндерине, наамдарына 100 миңдеп пенсия алып жүрөт. Пенсияны былтыр таякеси Абылгазиев менен ал көтөрүп, артынан ээрчитип жүрүп Соцфондго жетекчи кылган жээни  Медет Ирсалиев жогорулатты. Бирок кандай көтөрүштү?  Аз акча алган пенсионерлерге аз акча кошушту, көп акча алган пенсионерлерге көп акча кошушту. Мисалы 100 миңдеп пенсия алгандар дагы 5-10 миң кошсо да акчага бары бир көзү тойбойт. Ал эми 2-3 миңдеп пенсия алгандарга 200 сом кошумуш болушту. Ал эмнеге жетет ушул күндөрү же таяке-жээн Абылгазиев-Ирсалиев үчүн 200 сом көп акчабы. Андан көрө көп пенсия алгандарга акча кошпой эле, азыраак пенсия алгандарга жакшылап эле кошпойбу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости