www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абалы оорлогондо элдин артына жамынган Алмазбек Атамбаев көптөгөн жылдарга камалып кетиши мүмкундүгүн, «юбкалар» аны куткара албастыгын түшүнүп калды көрүнөт. Салынгандан бери сырткары бир адамга көрсөтпөй келген Кой-Таштагы хансарайынын бийик тосмолору, оор дарбазалары карапайым үчүн ачылды. Тегерек четтеги айылдын эли, журналисттер хансарайга агылып келишти. Айласыздан жасалган иш болсо дагы, бул Атамбаевдин чоң жаңылыштыгы болду.
Анткени мындай байлыкты көрбөгөн карапайым эл, анын ичинде журналисттер дагы ооздору ачылып, ушунча байлыкты кайдан жыйнаган деген суроолорго жооп издеп жатышыптыр. Болгондо дагы баймын деген Атамбаев бул үйдү мурда салбай президент болгон 2011-2017 -жылдар аралыгында салганы коп суроонун башын кылтыйтып туру.
Кыскасы, эл Атамбаевдин хансарайын бир сыйра кыдырышып, өздөрүнүн кепе тамдары менен салыштырышып, психологиялык шокко кабылганын уктук. Бул Атамбаевдин элдин артына жашынып, аларды кол жоолуктай колдонгону менен, элден канчалык алыс экенин, жөнөкой элдин жашоо шартын түшүнбөгөнүн айгинелеп койду.
Ал эми тигилген боз үйлөргө конобуз, эт-ашын жеп жата беребиз деген элдин бир жарымы камалгандардын тууган-туушкандары, бир жарымы акча менен бекер тамакка кызыгып келгени, анча-мынча колдоочулары экенин унутпасак. Матрастарды ташып, чон-чоң таштарды төктүрүп, «тарапкерлерин» кимге каршы согуштурганы жатат?
Булак: Нургазы Айтмырзаев, Де - Факто