www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Мадумаров эки тарап тең сөзгө келиши керек деп, улут уюткуларына кайрылды. Ал бул туурасында:
"Бүгүнкү кырдаал эч кимибизге абийир алып келбейт. Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаал эки достун барымтасында айланып калгандай сыяктанат. Биз эки тарапка бөлүнүп алып кимиси утат, кимиси утулат деген сыяктуу маселелерге жооп издеп калдык. Бул уят, жакшы эмес көрүнүш. Эрегишүүнүн артында мамлекетке аябагандай доо кетип жатат. Эки тарабынын тең айырмачылыгын көрбөй турам. Эки дос биргелешип жасашкан. Мен анын президенттиги легитимсиз деп шайлоо бүткөндөн кийин айткам. Жыйынтыгы мына азыр көрүнүп турат. "Эрегиштен эр өлөт" дегендей, сырттан душмандык кылгандар көп, биз жем болуп калбасак экен. Интеллигенттерибиз кайдигер болбосо ушул деңгээлге жетмек эмеспиз.
Акыл сөз айткан аксакалдарыбызды күтүп тургам. Мен эки тарапты тең ийге чакырам. Конституциялык талаага келиңиздер" - деп билдирүү жасады.
Булак: Фабула