www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Тарых музейин оңдоо учурундагы коррупциялык иштер боюнча соттук иш борбор калаанын Биринчи май райондук сотунда каралууда. Сапар Исаковдун адвокаттары Текебаевди соттогон Айбек Эрнис уулуна ишенбестик көрсөттү
Мындай аракетти Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов буга чейин соттолгон саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишине салыштырып, төмөнкүчө түшүндүрдү: "Бул эки иш тең "Коррупция" беренеси боюнча козголуп, айыпталуучуларга коюлган. Текебаевдин ишинде Маевскийдин көрсөтмөсү болсо болсо, бул иштерде тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзгөндөрдүн көрсөтмөсү болуп жатат. Ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу Текебаевдин ишин карап, айыптоо өкүмүн чыгарган. Мен муну жакшы эмес прецедент деп эсептейм"
Адвокаттын ишенбестик көрсөтүп, ишти башка судья карасын деген өтүнүчүн Атамбаевдин убагында жазыксыз Текебаевди соттогон Айбек Эрнис уулу четке какты. Көрсө, ал эбакта эле башка жээкке өтүп кетиптир.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»