www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кечээ экс-президенттин кол тийбестиги алынгандан кийин коомчулукта ар кандай сөздөр айтыла баштады. Баягы Эмилбек Каптагаев айтмакчы «шымын булгаган колун аябайт» болуп, Алмазбек Атамбаев өзүнө тиешелүү имаратты өрттөтүп, провокация жасоого даярданууда деген сөз тарады. Шумдугуң кургур. Алмазбек Атамбаев жана анын «шайкалары» өлкөгө чоң чатак салуунун айла-амалын издеп, түркүн-түстүү жолдорду изилдеп жатышат.

Мындай чатакты баштоо үчүн Атамбаев  тиешелүү имараттардын бирин өздөрү өрттөшүп, аны бийликке шылтап, ушундай провокациянын арты менен урушту баштап жибергенден кайра тартпай турган кези да.

Канткен менен кыргызстандыктар акыл калчап иш кылып, провокацияга алдырбай тынчтыкты сактоо баардыгыбыздын милдетибиз. Ар кандай саясий күчтөрдүн ыплас провокациялык оюндарынада алданбай, анын артынан ээрчибей, биримдик ынтымакты көздүн карегиндей сактайлы туугандар!  

Булак: Де-Факто

Последние новости