www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


“Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен туугандык жайым жок экендигин расмий билдирем”,- деп айтты Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын төрагасы Эмиль Жамгырчиев.

Анын айтымында, өкмөт башчы ага жакын да, алыс да тууган эмес. Абылгазиевдин ага өкүл аталыгын төгүндөдү.

“Менин өкүл ата, өкүл апам такыр башка адамдар. Мындай ушактар кайдан чыгат таң калам. Биздин кээ бир “ак жүрөктөр” элдин оюн бузуп, кайсы бир адамды жаман көрсөтүш үчүн эмнени кана ойлоп таппайт. Бирок, алардын жалган ушактарынан күнөөсү жок адамдар эле жабыркап жатат”, - деп белгиледи Э.Жамгырчиев.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости