www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Ар бир саясатчынын эмес, ар бир кыргызстандыктын баш оорусуна айланган Кумтөр маселеси "кылымдын аферасы" болуп калганын айтпаган адам калган жок. Мурдагы депутат, учурдагы БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков да дал ушул Кумтөрдөгү алешемдиктер тууралуу кеп козгоп, өлкөнүн өкмөт башчыларына, ажолоруна чейин кетирген кемчиликтери үчүн нааразычылыгын айтып чыкгы. Бир топ кетирген кемчиликтерибизди айткан Кадырбеков акыркы чыккынчылыкгы премьер-министр болуп барган Сапар Исаков жасаганын айтат.

"Келери менен келишимге кол коюп, биздин доо арызыбыздын баарын артка чакырып алды. Доо арызыбыз артка чакыргандан кийин Кылмыш Кодекси, Жарандык Кодекс боюнча да эч кандай сотко бере албай калдык. Биз аларга дооматыбызды айткан укугубуздан ажырадык.

Экология эмне болот, азыр алар билгенин кылат. Кийин болсо мөңгүнү талкалаганга уруксат бердик. "Суу кодекси" мөңгүнү талкалап кен казууга тыюу салганына карабай, Жо-горку Кеңеш дагы Давыдов менен Лысый мөңгүсүн талкалап кен казганга уруксат берип койду. Мунун баарын көрүп турат Өкмөт, анан ошонун баарын койгондун ордуна баарын сүйлөштүк деп келатат. Кумтөр бүгөт. Кен жабылганда Кыргызстанга эмне калат?

Ошону ойлогон өкмөт жок. Миллиард куб калдыктар калат" - деди Кадырбеков. Ар бир өкмөт жаңы келгенде жакшы баштарын айткан Кадырбеков баары Кумтөргө баш салганда эле бузулуп кетип жатканын да белгилейт. Ал мунун мисалында Атамбаевди да келтирип, башында жакшы баштап, ООНдун жыйынында да экология тууралуу айткан аны, кийин муздарды талкалоого өзү жол бергенин Кумтөрдүн "сыйкыр таягынан" кимдер гана алданбаганын айтат, деп "Факты.kg" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости