www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жалал-Абад шаарынын аймагында мурда коомдук тамактануучу жайды бүгүнкү күндө белгисиз атуул сойкукана катарында иштетип жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” болуп катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгү менен Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталган", -деп айтылат маалыматта. 

Маалыматка ылайык, жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан берилген атайын тапшырманын негизинде, Жалал-Абад ОИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсүндө жайгашкан Жалал-Абад курулуш мекемесине караштуу болгон мурдагы   "Бажалар" кафесинин жанында жайгашкан имаратын Феруза аттуу аял ижарага алып, мончо-саунаны сойкукана катары уюштуруп, кыздарды ыплас иштерге иштетип жаткандыгы аныкталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдарынын сапаттуу жүргүзүп, маалыматты далилдөө максатында, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан аталган жайга тинтүүгө уруксат алынып, көрсөтүлгөн даректе калыстардын катышуусунда тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда имараттын ичинде ыплас иштер менен алектенип жүргөн 8 аял (жашы болжол менен 25-35 жаштагылар), алардын арасында Өзбек Республикасынын жарандары бар экендиги аныкталып, тийиштүү далил буюмдар жана акча каражаттары тергөө кызматы тарабынан акт түзүлүп алынган. 

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жайды сойкукана катары уюштуруп иштеткен Сузак районунун тургуну 1972-ж.т. И. Ф. экендиги аныкталып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости