www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында мектеп жашындагы 300 жетим балага кийим-кече таратылды. Бул туурасында Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов билдирди.
“Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара “Адеп-ахлак” кайрымдуулук фонду тарабынан өткөрүлүүдө. Хатибият бул фонд менен кызматташып, бүгүнкү күндө район боюнча 300 мектеп жашындагы жетим балдар-кыздарга кийим-кече таратылып, кубанычтарына шериктеш болуудабыз”,- деди Асантур ажы Абдрахманов.
Аталган фонддун жетекчиси Эрмек Жунушев бүгүнкү күндө фонддун аткарып жаткан иштери, кайрымдуулук акциялары Якутияда эмгектенип жаткан бир туугандарыбыздын демөөрчүлүгү менен ишке ашып жатканын, кийинки жылы Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунан жесир, жалгыз бой энелерди турак-үй менен камсыз кылуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.
Иш-чаранын акырында аталган фонддун эмгек жамаатына жана демөөрчүлүк кылган бир туугандардын иштерине ийгилик каалап, дуба кылышты.
Эскерте кетсек, таратылган кийимдин жалпы суммасы 480 000 миӊ сомдү түздү.
Булак: NazarNews.kg