www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Алматы шаарында алты жаштагы кызын өлтүрдү деп шектелип анын атасы кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз муунтулуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 24-октябрда Алматыдагы “InterContinental” мейманканасында эрте менен болгон.

Чет элдик жаран мейманканага аялы, кызы менен бирге жайгашкан. Эрте менен кыйкырыктарды уккан мейманкананын кызматкерлери полиция чакырган жана 6 жаштагы кыздын жансыз денесин табышкан.

Полиция бул факт боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатканын, тийешелүү экспертизалар дайындалганын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости