www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) тарабынан Кең-Булуң айылында узундугу үч чакырымга барабар жер астында көмүлгөн түтүктөр табылгандыгы тууралуу NazarNews.kg күн мурун жазган.

Аны андан ары иликтөө жана изилдөө иштери каякка алып келгенин билесиздерби? Токмок шаарынын Пионерлер көчөсүндөгү короолордун бирине алып келип, ал жерден финполдун кызматкерлери көргөн көздөрүнө ишенишкен эмес. Короонун аймагынан оперлер электр насосторун, түтүктөрдү ж.б аткезчилерге тиешелүү буюм-тайымдарды табышкан.

Эң кызыгы алдыда, короодо токтоп турган оор жүк ташуучу унаалардын ичинен күйүүчү майга толгон цестерналар чыккан. Ал цестерналар бөтөн көздөн алысыраак болсун деп, малга дайындалган тоют чөптөрү менен жабылган. Аткезчилик жол менен ташылып жаткан бир гана уюктун көлөмү ушундай болсо анда жалпы республикалык деңгеелде алганды масштабы кандай эми түшүнсөңүздөр керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости