www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Туулган күнүн дүӊгүрөтө өткөрүп, 3 машине байге коюп, мактанган депутат ошол миллиондорду муктаждарга бербейби. Бул тууралуу маалыматты "Чагылган" сайты жазып чыкты.

Жогорку Кеңештин Бактыбек Райымкулов деген депутаты бар. Жерлиги Чүйдүн Кара-Балтасынан. 2012-2015-жылдары Панфилов районунда аким болгон. 2015-жылы Бабановдун партиясы менен ЖКга депутат болуп келген. Андан бери 4 жыл өтсө да парламентте өзүн татыктуу көрсөтө алган жок. Бирок ошого карабай өзүн көрсөтүү аракетин кылып, парламентте көтөрүлгөн маселелердин ар бирине өз ою туура же туура эмес болсо да тура калып кол көтөрүп айта салмайды абдан өздөштүргөн. Ошондон улам популист депутаттардын катарынан ардактуу орун алган.

Чынында бул депутат өзүн укмуш акылдуу, кыйын сезет. Амбициясына чек жоктой. Жыл сайын өзүнүн туулган күнүндө туулган айылында миллиондогон каражат чачып, оюн-зоок өткөрүүнү салтка айлантып алган. Улуттук оюндарды өткөрүп, баалуу байгелерди коюп, өзүнө карата айтылган мактоолорго манчыркаганды абдан жакшы көрөт. Райымкулов бул ирет дагы туулган күнүндө оюн-зоокторго 3 автоунаа сайып, болушунча сайрандады. Көңүл ачуу, максатсыз, ушундай майда ишке сарпталган миллиондорду жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук катары берсе, элге да, Кудайга да абдан жаккан иш болбойт беле…

Же Бактыбек мырзанын бар деңгээли ушундай байлык, көңүл ачуу, мактануу менен эле чектелгенби? Шайлоого жакындап калганда элге алынуу амалыбы? Эл деле азыр мындай мактанчаактардан тажап бүттү, деп жазат "Чагылган" сайты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости