www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев президенттик бийлигин жүргүзүп турган мезгилде ага таандык “Автомаш-Радиатор” фирмасынын арааны чоңойгон. 2011-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта анын кирешеси 3-5 эсе өсүп, мамлекеттик бюджеттен алган каражаттын көлөмү 600 эсеге чейин көбөйгөн.
“Автомаш-Радиатордун” арышы кеңейип, кирешесинин өскөнүн анын мамлекеттик казынага төккөн салыгынын суммасына карап байкоого болот. Төккөн салыктары жана төлөмдөрү:
2011-жыл – 27 111 330,31 сом;
2012-жыл – 44 220 136,89 сом;
2013-жыл – 103 814 161,66 сом;
2014-жыл – 54 501 666,87 сом;
2015-жыл – 51 978 801,96 сом;
2016-жыл – 46 567 438,79 сом;
2017-жыл – 65 954 134,92 сом;
Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларга катышып, “жеңип чыгуулары” көбөйүп, ага жараша бюджеттен бурган каражаттын агымы чоңойгону кийинки колонкадан көрүнүп турат. Мамбюджеттен алган каражаттары:
2011-жыл – 443 609,23 сом;
2012-жыл – 28 673 092,21 сом;
2013-жыл – 301 414 331,09 сом;
2014-жыл – 88 704 182,19 сом;
2015-жыл – 128 000 796,72 сом;
2016-жыл – 200 098 427,26 сом;
2017-жыл – 95 538 044,0 сом;
“Автомаштын” кирешеси менен мамлекеттен алган каражатынын көлөмү 2010-жылга чейин (тагыраагы А.Атамбаев жогорку бийликти колго алганга чейин) мындан да аз болгондугун боолголоо кыйын эмес. Бул көрсөткүч “Автомаш-Радиатордун” жетекчиси Анатолий Черныхтын 2010-жылдан кийин башкаруучулук шыгынын укмуштуудай ачылганынан кабар береби же “Автомаштын” президент Атамбаевге таандык болуп, Черныхтын ажонун досу болуп калгандыгынан улам жаралдыбы? Мурда ортозаар болуп келген “Автомаштын” мамлекеттик тендерлердеги ийгиликтеринин өсүшүнүн сыры эмнеде?
Айтмакчы, 2017-жылы президент Атамбаевдин тапшырмасы менен Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан “Автомаш-Радиатор” ири көлөмдөгү жеңилдетилген насыя бөлүнгөн.
“Автомаш-Радиатордун” түзүүчүсү “Кыргызавтомаш” ААКы. “Кыргызавтомаш” өзүнө аты уйкаш “Кыргызавтомаш корпорациясы” ишканалардын асоциациясы” юридикалык жактардын курамына кирет. Ал курамда Алмазбек Атамбаевге таандык дагы башка “автомаштар” – “Автомаш-Энерго” ЖЧКсы, “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы, “Автомаш-Экол” жана “Агромашиналар боюнча конструктордук-технологиялык институту” да бар. Ошондуктан, “Автомаш-Радиатордун”Алмазбек Атамбаевге таандык экендиги талашсыз.
Булак: NazarNews.kg