www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги Алмаз Баатырбеков жетектеген "Кыргызстан" фракциясы эң эле алсыз, жел болгон тарапка жалп эткен, эч бир позициясы, саясий эрки жок фракция катары тарыхта калмай болду. "Эшегине жараша тушагы" дегендей, фракциянын активдүүлүгү эт эмес же чел эмес, арабөк ишмердүүлугү жетекчиге байланыштуу болот тура.
Фракция лидери Алмаз мырзаны эч ким лидер катары деле тааныбайт. Ымтыраган неме менен эч ким деле эсептешейт. Бары-жогу деле билинбейт. Анан фракциясы деле ошол ыргылжың абалда болот да. Мына жакында спикер Дастан Жумабеков төрагалыктан алынса, "Кыргызстан" мамлекеттик кызматтардагы болгон позициясынан кол жууйт.
Мунун баары түздөн-түз өз көз карашы жок жалтаң Батырбековдун ишмердүүлүгүнүн "жемиши" болот. Ошентип "Кыргызстан" партиясы бир чакырылыштан чыкпай "критке" кетмей болду...
Булак: "Фабула"