www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектүү катары кармалган Б.Марсбектин атасы оорудан улам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Б.Марсбектин айылдаштары билдиришти.

Шектүүнүн бир тууган агасы бул кабарды тастыктап, аталган каргашалуу окуядан кийин атасынын оорусу күчөп кеткендигин билдирди.

«Атамдын оорусу күчөп кеткенине байланыштуу аны Бишкек шаарынын онкология ооруканасынан чыгарып коюшкан. Мындан ары дарылоонун кажети жок экенин айтышкан. Биз Таласка — айылга алып барып, өз алдыбызча дарылап жатканбыз. Негизи атам мурунтадан ооруп жүргөн экен. Бирок ушул каргашалуу окуядан кийин оорусу күчөп кетти. Бизге айтпай жүрүптүр», - деди ал.

Шектүүнүн атасы 9-май күнү 65 жашка толгон.

«Атам 2-сентябрь күнү каза болду. 3-сентябрда жерге бердик. Артында 5 уул, 1 кызы калды», - деди ал.

Б.Марсбек учурда Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемесинде камакта.

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы кыз 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон.

Ал кийинчерээк абакка киргизилип, өз көрсөтмөсүн берип баштаган. Ошондой эле Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысына байланыштуу тергөө иштери жана милиция кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү иши ички иштер министри Кашкара Жунушалиевдин өз көзөмөлүнө алган болчу.

Булак: "Турмуш"

Последние новости