www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кыргызстанга үч күндүк расмий визит менен келген Венгрия Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуусунун аземи бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болду.

Мартабалуу коноктун урматына Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинди, гимндер жаңырды.

Расмий жолугушуудан жана делегациялар менен таанышуудан соң Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан  эки тараптуу жолугушууга багыт алышты.    

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Венгрия Премьер-министринин Кыргызстанга визити 2-сентябрь күнү башталган.

Виктор Орбан мартабалуу Ардактуу мейман катары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн Саммитинин жыйынына, ошондой эле «Кырчын» капчыгайында этношаарчанын ачылышына катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости