www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кайсы мугалимдер кыскартууга учурабаганы жана жумушсуз калган мугалимдердин тагдыры кандай болору тууралуу айтып берди.

2018-жылдын жайында Кыргызстандын мектептериндеги окуу сааттарын кайрадан бөлүштүргөндөн кийин, министрдин 2018-жылдын 5-январындагы буйругуна ылайык, 3 миңдей мугалим ишсиз калды. Пенсия курагындагы 1950 мугалим пенсияга чыгарылып, ал эми жаш мугалимдердин арасынан 1 миңдейи кыскартууга учурады. Министрдин маалыматы боюнча, алар кайрадан окутулушу мүмкүн же квалификациясын жогорулатууга жиберилет..

Гүлмира Кудайбердиева айтып бергендей, өлкөдөгү мектептерге Билим берүү жана илим министрлигинин нускамасы жиберилген. Анда окуу жүктөмүн бөлүштүрүүдө кандай мугалимдерге артыкчылыктар берилери тууралуу айтылган.

«Бул өз ишинде IT-технологиясынын жаңы ыкмаларын колдонгон мугалимдер», - деди билим берүү министри. Министрдин буйругуна ылайык, эми минималдуу окуу жүктөмү жумасына 18 саатты түзөт. «Эми башка мугалимдердин эмгек акысы жогорулайт жана 4-5 миң сом айлык алган мугалимдер жок болот», - деди Г.Кудайбердиева.

Ал ошондой эле министрликте ар бир аймак, ар бир айыл жана ар бир мектеп менен иштеген чоң жумушчу тайпасы түзүлөрүн маалымдады. «Биз мугалимдердин ар бир арыздануусун, жер-жерлерде болуп жаткан кырдаалдарды, жумушсуз калгандарды ж.б. изилдейбиз», - деди министр.

2018-жылдан 5-январындагы министрдин «Жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерине (мугалимге) тийиштүү жүмалык окуу жүктөмүн бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө» буйругу — бул педагогдордун санын кыскартуу тууралуу эмес, мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында окуу жүктөмүн натыйжалуу бөлүштүрүү жөнүндөгү буйрук экенин Г.Кудайбердиева дагы бир жолу белгилеп кетти.

«Бир дагы саатты кыскартуу күтүлбөйт. Саны боюнча окуу жүктөмү калат. Сапаты боюнча — кеп окуу жүктөмүн натыйжалуу бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат. 2011-жылдан бери мектептерде иштеген мугалимдердин саны 6 миңге көбөйгөн: 2011-жылы алардын саны 73 миң болчу, ал эми азыр бизде алар 79 миң. Ошондо да окуу сааттарынын көлөмү өзгөрүүсүз калды. Биз бул маселени, эсеп-кысаптарды жана мугалимдердин айлыгы маселесин изилдеп чыктык. 2011-жылы, эмгек акынын жаңы шартттарын киргизип жатканда мугалимдик окуу жүгү түшүнүгүн алып салышкан экен. Мурда норма 18 саат болчу. Бул норманы алып салышып, окуу жүгү майдаланып баштаган», - деп түшүндүрдү билим берүү министри.

Анын айтымында, аймактык мектептердин директорлору аларды мектепке мугалимдерди алууга мажбурлашкандыгына арызданышкан, ал эми буга тыюу сала турган документ болгон эмес — окуу жүктөмүн майдалоого туура келген.

«Биз былтыркы жылы мектептерди аккредитациядан өткөргөнбүз. Бул ар бир мектептин ишмердүүлүгүн баалоо. Дал ошол окуу жүгү майдаланып калган мектептер эч кандай жыйынтык көрсөтө алган эмес. Мен сиздерге так айта алам, окуу жүгү майдаланып калган предметтер — бул тил сабактары, сааттардын саны көп болгон так илимдер боюнча предметтер (математика ж.б.). Тагыраагы, бул окуу планынын алкагында сааттардын саны көп болгон предметтер. Көбүнчө жетекчилери тийиштүү түрдө иш алып бара албаган аймактардагы мектептер.

Мунун баары акырында келип, билим берүү сапатына таасирин тийгизет. Жумасына 3-4 гана сааты бар мугалимдер эч качан сабактарга даярданышпайт, өз квалификациясын жогорулатуу жана билимдерин өркүндөтүү боюнча өз алдынча иштешпейт», - дейт Г.Кудайбердиева.

Ал ийгиликтүү билим берүү системаларынын тажрыйбасы бар дүйнөлүк практикада — Түштүк Кореяда, Сингапурда жана Финляндияда мугалимдин жумалык жүктөмү 30га жакын саатты түзөрүн белгиледи. «А бизде мугалимдер 3-4 саат өтүшөт… Биз эмне кылсак дагы, эгер сапаттуу муалим болбосо, эч кандай сапаттуу билим берүү жөнүндө айта албайбыз. Мен биринчи кезекте биздин балдардын келечеги тууралуу ойлонууну суранам. Биз үчүн баарынан мурда билим берүүнүн, мугалимдин сапаты турат», - деп сөзүн жыйынтыктады билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева. 

Булак: "Билим АКИpress"

Последние новости