www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А.С.Ормушев Эл аралык Кувейт университетинин (мурдагы Чыгыш университетинин) ректору «Хизмет кыймылы» же башкача айтылышы менен да белгилүү «Гүлендин кыймылы» деп таанылган, Түркияда тыюу салынган кыймылда активдүү иштеп келет.

Анын уулу да «АтаТүрк» университетинин алдындагы колледждин директору жана активдүү «гүленчи» катары белгилүү. Ормушев 2011-жылы ректорлуктан кеткенден кийин илимий эмгектерден тышкары Гүлендин ишин Кыргызстанда активдүү жылдырууга болгон күчүн жумшап келет. Асан Ормушевдин ректорлуктан түшсө да жаңы ректордун кеңешчиси катары иштеп келгени анын бийликтеги колдоочуларынын көптүгү жана тымызын аракет кылгандыгында. 7 жылдан кийин кувейттик демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кайра 2018-жылдын 16-августунда мыйзамдуу олтурган ректорду кетиришип, ордуна Ормушевди коюшат.

Араб дүйнөсү менен жакшы алака түзүлүп жаткан учурда араб жана түрк өкмөтүндө тыюу салынган «Хизмет кыймылынын» өкүлү ректорлукка келиши акылга сыйбас нерсе. Түркиянын бир нече университеттери менен алака түзүлүп жаткан учурда Асан «гүленчини» Кувейт университетинин башчылыгына коюу булл атайын университеттин аброюн түшүрүп, анын жабылуусун көздөгөнгө барабар. Бир нече тил билген жаш, алдуу-күчтүү ректорду себепсиз кетирип, ордуна пенсия курагындагы, тил билбеген «гүленчи» катары аттын кашкасындай таанымал Ормушевди коюу араб демөөрчүлөрдүн кайдигерлиги жана университетти иштетүүдө башка максаттары бар экендигине далил. А.С.Ормушевдин Гүлен кыймылына мүчө экенине жана анын идеяларын өтө активдүүлүк менен пропаганда кылып жатканын 2011-жылы «Диалог» конференциясында сүйлөгөн сөзүндө дана көрүнүп турат. (булс сылкадан көрө аласыз: 2011ж. 15 Кулжа айы. https://fgulen.com/kg/kyrgyz-kg/998-kyrgyz/video-tasmalar/29292-ormusev) 2011-ж. Бирдин айы 19. Ормушев Асан (2011-жылы Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш унив.ректору) бир нече беттен турган Хизмет кыймылынын лидерин мактаган макаласы жарык көргөн. Ал «М.Фетхуллах Гулендин толеранттуулук  жана диалог  боюнча ой-пикирлери» аттуу макаласын окуган адамга баары түшүнүктүү болот. (Макаланыушул ссылкадан таба аласыз: https://fgulen.com/kg/fethullah-gulen-cigarmalari/997-kyrgyz/konferentsiyalar/29186-ormusev) Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына чыккан материалда бир да катышуучу же конференцияны колдогондордун аты-жөндөрү жазылган эмес. Бирок Ормушев ал академияда академик экени белгилүү. 2011-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Билим берүүдөгү диалог жана толеранттуулук» деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференциянын резолюциясынын авторлорунун бири катары А.С.Ормушев да бар.

(Бул ссылкадан караңыз: http://www.kao.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=126:2011-10-24-04-46-01&catid=9:2011-01-01-13-06-27)

Андан тышкары хизметчилердин (гүленчилердин) сайтында Движение Hizmet (Движение Гюлена) ФетхуллахГюлен деп тема коюлуп, 2014-ж. 18-августта чыккан макалада 2009-ж. 27-февралында Диалог Евразия (ДА) жана «Руханият» фонду уюштурган «Терпимость и диалог: от Юсуфа Хасс Хаджиба к  Фетхуллаху Гюлену» темадагы жолугушууда А.С.Ормушевдин сөзүн далил келтиребиз: «Бул кыймылдын маанилүү жана баалуу экенин бүт дүйнө кабыл алды» деп толкундануу менен Гюлендин инициативасы менен бүт дүйнөгө тарап жатканын айтты. (Толук  макаланы ушул ссылкадан таба аласыз: http://ru-hizmetmovement.blogpost.com/2014/08/kirgiziya-ot-balasaguni-k-gulenu.html) Жыйынтыгында араб акчасына жана «Гүлен кыймылынын» идеологиясына сугарылган Ормушевдин ректор болушу хизметчилерге чоң утуш жана ал университете гүленчилерди тарбиялоого чоң мүмкүндү калышты.

Түркия менен алакалар жакшы болуп, кызматташуу үчүн Тайип Реджеб Эрдогандын Кыргызстанга келген учурга тууралап, эл аралык деңгээлдеги профессионалдарды даярдаган университетке гүленчини алып келүү түшүнүксүз болуп жатат. Элге кызмат кылам, эч кандай араб же батыш идеологиясын колдобойм, чыныгы кыргыздын уулу болом, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымымды кошом деген студенттер эми минтип арабдардын көрсөтмөсү менен жана гүленчилердин тарбиясында окуп калышы чоң жоготуу. Биз Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек! Биз жаштарды баалаган демократиялуу өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келет! Араб эли менен, түрк эли менен жана бүт дүйнөгө эли менен достукта жашагыбыз келет!

Жангороз Эсенгелдиев

Булак: “Фабула”

Последние новости