www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Мураталы мырза, сиз жакында эле Жапония өлкөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча 2 жылдык магистрдик программаны аяктап келдиңиз. Сизге бул билим саякатыңыз кандай таасир калтырды?
-Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн макулдашуусу аркылуу JDS долбоору башталганына 10 жылдын жүзү болуп, биздин топ 10 юбилейлик тайпа болуп калды. Азыркы президентибиз Сооронбай Шариповичтин 2016-жылы премьер-министр катары бизди жакшы тилектер, сунуштар менен узатканы, жапон боордош эли менен жанаша жашап, билим алып, изилдөө жүргүзгөн убакыттар мен үчүн жашоомдо өзгөчө орунга ээ болуп калды. Бул билим саякатым мага чоң таасир калтырды. Мен өзүмдү элибиздин алдында карыздар катары сезип турам. Билим алуунун максаты билүү эмес, алган билимди колдонуу экенин эстеп канткенде “өлкөбүздүн кээ бир көйгөйлөрүн жапондор сыяктуу чече алабыз?” - деген суроо оюмдан кетпейт. Сырткы келбети, тил грамматикасы, адамдардын бири-бирине болгон сый-урматты, меймандостугу, муктаж жана алсыз болгон, кырсыктагы адамды куткарууга өз жанын аябаган эрдиги, берешендиги жагынан кыргыз жана жапон элдери аябай окшош келишкени менен эмне үчүн жашоо сапаты ар башка деген суроолорго ар дайым жооп издеп жүрөм.
-Чет өлкөдө көпкө жүрүп, ал жактагы шартка көнүп калган адам өз жерине келгенде маданий шок болот деп коюшат. Сиз мекенибизге кайтып келгенде маданий шок сездиңизби?
-Ооба. Негизинен ыңгайлуу шартка адам тез көнөт дегендей, менин эң биринчи көзүм түшкөн, кыжырданткан нерсе ажатканалардын жетишсиздиги, абанын булганышы, таштандылардын туш келди чачылып жатышы, дүкөндөрдөгү кээ бир сатуучулардын маданиятсыздыгы, мамлекеттик же бизнес сервисте иштегендердин жашоодон кандайдыр деңгээлде нааразы болуп жүргөндөй көрүнүшү болду. Дүкөндө кардарга карап, сатуучу “соодаңызга рахмат” деп айтпаганы да кайсы бир деңгээлде ыңгайсыз болуп жатты (бирок, чоң супермаркеттерде, “Народный”, “Фрунзе” сыяктуу дүкөндөрдө рахмат айтышат). Көчөдө чаңга каршы маска тагып жүргөнүм менен башкалардын көңүлүн өзүмө буруп жаткандай болдум. Бирок, ошентсе да көчөлөргө асфальт төшөлүшү, кафелердин инновацияларды колдонуусу, кичи ишкердүүлүктүн өнүгүп жатышы кубандырды.
-Жапон элинин кыргыз элине болгон окшоштугу чоң деп өттүңүз. Мурдагы бир макалаңызда жапондордун тазалыкты камсыз кылуу инфраструктурасы тууралуу кеп кылдыңыз эле. Деги эле Жапониядагы кандай демилгелерди, жакшы жөрөлгөлөрдү бизде ишке ашырууну сунуштайт элеңиз?
-Кыргыз жаштары бүгүнкү күндө өздөрүнүн ийкемдүүлүгү, тырышчаактыгы, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жасаган аракеттери, мекенин сүйүп анын таанылуусуна жасаган аракети, акылы боюнча башка өлкөлөрдүн жаштарынан артта калбайт. Өлкөбүздүн жарандарынын социалдык тармактардагы, коомдук жашоодогу активдүүлүгү мактоого татыктуу. Бирок, бир нукта, бир дем менен же командалык аракет жасоо жагына келсек, кыйла аксап тургандайбыз. Коомдо кайсы бир реформаны ишке ашырууда демилгени ким көтөргөндүгүнө карабай, пайдалуулугун сезип, аны колдогонго жапон элинин шыктуулугун тарыхтан жакшы билебиз. Бул ийгиликтин негизги себептери жапондордун тили, самурайлардын ар-намыстуулукка үндөгөн тарбиясы, билим берүүсү, географиялык шарты, экономикалык мамилелери, геосаясаты, жаратылыш кырсыктарынын, ар кандай коркунучтардын баары өздөрүн бирдиктүү команда, коллектив, же бир организм катары кароого түрткү берген экен. Андан сырткары, Шинтоизм жана Буддизмдин, каада-салттардын, билим берүү системасынын жаштарды тарбиялоодо зор салымы бар. Акырындык менен өнүгүүгө салым кошкон Кайзен (Kaizen), сапаттык көзөмөл (qualitycircle), aдам биринчи орунда турат, тазалык ар бир үйдө деген сыяктуу философиясы бардык чөйрөлөрдүн жакшыруусуна себеп болгон жапондордун тажрыйбасын колдонсок болот деген ойдомун. Себеби өз учурунда жапондор дүйнөлүк алдыңкы практика, технологияларды чет-өлкөлөрдөн алып келип, өз жашоолоруна ылайыкташтырган. Үйрөнүүнүн уяты жок. Биздин азыркы ичип аткан чайыбызды индиялыктардан, колдонгон цифраларыбыз, ишенген динибизди арабдардан, компьютерибиз батыш өлкөлөрүнөн келгендигин билебиз. Аз убакыттын ичинде чоң секирик жасоо - бул билим алууга жана өзгөрүүгө даяр болгон элдерде, маданияты жана үрп-адаты экономикалык жана саясий реформалар менен эриш-аркак болгондо ийгиликтүү болору баарыбызга маалым. Талаш-тартыш, агрессия аркылуу биз туруктуу чечимдерге келе албайбыз. Макулдашуу жана синергия (чогуу иштөө), чечимдерди талкуулоо аркылуу кабыл алуу - эркин коомдун белгиси. Биринчиден, жергиликтүү жамааттарда төмөнкү сунуштарды талкуулап көрүп, ишке ашырып, анан жалпы өлкө боюнча кийирүү максатка ылайыктуу болмок.
Билим берүү жаатындагы жергиликтүү демилгелер:
1.Мектепке бут кийимди алмаштырып кирүү практикасын киргизүү. Ал үчүн сыртка кийүүчү бут кийимди коюучу жай даярдоо зарыл болот. Жыйынтыкта мектептин ичине инфекция кирбейт, көчөдөн келген чаңдан, микробдордон сактайт.
2.Окуучулар тарабынан сабактын аяктоосу менен класстарды тазалоо иштерин өздөрү жасоого шарттарды түзүп берүү, түштөнүүдөн кийин мектептин ичинде тишти тазалоо мүмкүнчүлүктөрүн түзүү. Ден-соолук күндөрүн өткөрүү менен саламаттыкты сактоого көзөмөл жүргүзүп туруу,
3.Кичүү класстагы окуучулардын мектепке кичи топтор менен барып-келүү, үй-бүлөлүк спорт күндөрүн ата-энелердин катышуусунда мектептерде өткөрүү, хор ырдоо практикасын кеңири колдонууну киргизүү менен ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойноо фестивалдарды өткөрүү. Бул нерсе окуучулардын өз алдынчалыгына, командада иштөөгө жана жеке жоопкерчиликти калыптандырууга үйрөтөт. Мугалимдер да өздөрү хор ырдоо боюнча окуучуларга үлгү болуусу шарт.
4.Мугалим-окуучу-ата-эне байланышын түзүү жолдорун табуу. Мисалы, окуучулардын үйүнө мугалимдердин барып келүүсү, ата-энеси менен сүйлөшүп, анын ийгиликтери, жетишкендиктери жөнүндө айтып берүүсү окуучунун коомдук иштерге кызыгуусун арттыруусу шексиз.
Тазалыкты сактоо жаатындагы төмөнкү жергиликтүү демилгелер зарыл. Тазалык философиясын жандандыруу - ар бир адамдын жоопкерчилиги. Бул “Тазалык” ишканасынан толук көз каранды эмес. Таза болуу - бул коомдук келишим жана жашоочулардын жергиликтүү бийлик менен кызматташуу формасы. Кантип биз ага жетише алабыз. Мусулмандардын бир парзын уккан элем “Жакшылыкты колуң менен жаса, ал колуңдан келбесе, оюңда, жок дегенде пикириңде жаса” деп. Демек, тазалыкты үйдөн, мектептен, ишканадан баштап, анан көчөдө улантабыз.
1.Кандайдыр бир жумушту бүткөндөн кийин иштеген ордун ар бир адам тазалап коюу практикасын киргизүү. “Өз идишиңди жууп кой”, “Дааратканада заараң бүткөндөн кийин өзүң тазалап кой” сыяктуу эрежелерди аткаруу. Атайын техничкага ишенип калтыруунун кажети жок болсо керек.
2.Таштандыны түрүнө карап бөлүштүрөбүз – кайра иштетүүгө боло турган пластик, кагаз, темир жана шише, органикалык тамак аш жана күйүүчү материал катары иштетүүгө боло тургандай кылып бөлүштүрүп коёбуз.
3.Тазалыктын нормалары бузулуп жаткан жайларды тактап, тийиштүү чараларды көрүү (фото, видео тартып, социалдык түйүндөрдө же тайпаларда маалымдоо). Чечим кабыл алуучу жана булгап жаткан субъекттерге кабар берүү же сурануу менен бул практиканы азайтуу мүмкүн.
4.Көчөдө, парктарда, жөө жүрүү, барбекю аяктагандан кийин эс алган жерде таштанды урнасы жок болгон мезгилде олтурган жерди тазалап, таштандыларын алып кетүү практикасын киргизсек. Эгер булгасаңыз, эртең кесепетин өзүбүз көрөбүз, так айтканда өзүңүз, үй-бүлөңүз же неберелериңиз көрөт экен.
5.Башкаруучулар жана лидерлер, активисттер тазалыкты өздөрүнүн колу менен жасашса, коомдо дагы ошол нерсеге үлгү болмок же талап кылат эле.
6.Сиздин колуңуздан эмне келет? Сунушуңузду жазыңыз.
Чакан бизнес жүргүзүүдөгү төмөнкү пайдалуу ыкмалар бар:
1.“Кардарлар биринчи орунда”. Кирип келгенде жылмайып, “кош келиңиз”, чыгып баратканда “Чоң рахмат, келип туруңуз” деп, колуна товар баштыкчаны же акча кайтарымын кардардын жүзүнө карап, жылмайып 2 кол менен берүү эрежелерин киргизип алуу.
2.Убаданы аткаруу, 10-15 минут убакытта барып калам дегенден кийин 30-40 минут эмес, 10-15 минутта келип калуу менен бардык кардарларды, өнөктөрдү да ошол нерсеге көндүрө баштайсыз.
3.Күн сайын “Өзгөрүүлөргө жана инновацияга 7 мүнөт же 1 кадам” аттуу долбоорлорду жасап туруу. Азыркы күндөрү инновациясыз туруктуу өсүүнү камсыздай албайбыз. “Кодак”, “Нокиа” компанияларын эстеңиз. Алар өз учурунда тийиштүү жаңы технологияларды киргизе албай калып, банкротко учураган.
4.“3 тараптуу ынануу” системасын киргизүү. Бул күндөлүк жашоодо колдонууга боло турган механизм. Мисалы, үйдөн чыгып бара жатып, газды өчүргөнүңүздү унутуп калбоо үчүн, сыртка чыгып бара жатып газды өчүрүп, сөөмөйүңүз менен көрсөтүп “өчүрдүм” деп үнүңүздү чыгарып айтсаңыз, 3 тараптуу ынанууну колдонгон болосуз (көз менен көрүү, сөөмөй менен көрсөтүү, үн чыгарып айтуу). Ушул эрежелердин негизинде акыркы 20 жылда Жапонияда адамдык фактордун айынан болгон авиакырсык, поезддердин кырсыгы өтө аз катталган.
5.Бизнес практикаңызда 5S (сейри-сорттоо, сейтон-тартипке келтирүү, сейсо-таза кармоо, сейкатсу-ыңгайлаштыруу, шитсуке-дисциплиналаштыруу, тынымсыз окуу), сапат ийримдерин (QualityCircles), муктаждыкка жараша өндүрүү принциптерин (Justintime) жана акырындык менен өнүктүрүү “Kaizen” методдорун колдонсоңуз болот. Бул механизмдер жапон товарларынын сапатын жогорулатууда чоң роль ойногон.
-Эми буларды ишке ашыруу үчүн жапан болуу керек го? Биз алардай боло алар бекенбиз?
-Жапандар асмандан түшкөн эмес, биздей эле кишилер, бирок алар максатка умтулган, дайыма аракеттенген кишилер. Мисалы, мен деле өз жашоомдо жогоруда айтылган нерселерди колдоно баштадым жана алар бири бирине байланышкан. Бул - жашоону уюштуруу системасы. Мисалга алсак, таштандыны үйдүн шартында сорттоо, 5S, сапат ийримдери, 3 тараптуу ынануу жана башкалар. Бул аракеттер үчүн акча, чоң ресурстар дегеле талап кылынбайт. Болгону өзүңүздүн каалооңуз. Жапондордун 90 пайызы арык, шамдагай келишкендигинин себеби – кыймыл-аракет. Кечке чейин кыймыл-аракетте, офисте иштегендер да көп кыймыл жасашып, өз учурунда азыраак, мөмө-жемиштери бар тамактарды жешет. Албетте, ден-соолуктун сырлары тууралуу атайын кеп кылса болот. Мен айтайын деген негизги ой - биз башка элдерден эч жерибиз кем эмес, алар жасаган ийгиликти биз да жасай алабыз. Бул үчүн ишеним, оптимисттик көз караш, каалоо жана кичинекей эле эрк болсо болду.
Маектеш тууралуу
Үчкемпиров Мураталы Осмоналиевич, 1980 жылы Ала-Бука районунда туулган. 1997-жылы Балтагулов атындагы орто мектепти аяктап, ЖАМУнун Жаңы информациялык технологиялар факультетин 2002-жылы бүтүргөн. Анан 2004-жылдан бери жаштар саясаты тармагында коомдук уюмдарда, мамлекеттик жаштар саясатын тескөөчү мекемелерде иштеп келген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде Жаштар иштери жаатында кызматташуу жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келет. Азыркы учурда Кыргыз-Жапон өкмөттөрүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча “Жапон эл аралык университетинде”, “MasterofBusinessAdministration” - бизнести башкаруу программасы боюнча магистратурасын аяктады (2016-2018-ж.ж.).
Жапон компанияларынын бизнес тажрыйбалары жана аларды Кыргыз Республикасында трансферлөө (колдонуу) боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.
Жапон маданияты, бизнеси, элдин жашоо турмушу тууралуу мекендештер менен маалымат иретинде социалдык түйүндөр жана электрондук медиа аркылуу бөлүшүп турат.
Тазагүл Шамшиева, журналист.
Булак: NazarNews.kg