www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот тутуму оор жоготууга учурады

Жогорку сот, жергиликтүү соттордун судьялары, аппарат кызматкерлери жана Сот тутумунун ардагерлери Жогорку соттун мурдагы судьясы Жакыпбаев Шералы Жакыпбаевичтин мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Шералы Жакыпбаевич 1956-жылдын 12-ноябрында Аксы районунун Боспиек айылында туулган.

Эмгек жолун 1975–1979-жылдары Аксы райондук сотунда сот отурумунун катчысы, кеңсе бөлүмүнүн башчысы жана сот аткаруучу кызматтарынан баштаган.

1994–1996-жылдары Сузак райондук сотунун судьясы,

1996–2006-жылдары Жалал-Абад облустук сотунун судьясы,

2007–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы,

2013–2015-жылдары Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Шералы Жакыпбаевич мыйзамдарды терең билген, кесиптик чоң тажрыйбасы бар, ошол эле учурда талапты катуу койгон жана принципиалдуу судья катары кесиптештеринин эсинде калат.

Жакыпбаев Шералы Жакыпбаевичтин үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын терең бөлүшөбүз.

Последние новости