www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жана Чүй облустарында бир нече автоунаа уурдоого шектелип 18 жашка чыга элек өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына Т.К. аттуу жаран кайрылып, 26-ноябрда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаасын гаражынан уурдап кеткенин айткан.

Бул факты Жазык кодексинин 206-беренеси ("Автотранспорт каражатын уурдоо") менен КЖБРге катталган.

Ыкчам-изилдөөнүн натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн жүргөн жери аныкталган.

"Бишкек шаарындагы машина базарлардын биринде уурдап кеткен автоунааны сатып жаткан жеринен 16 жана 17 жаштагы балдар кармалды. Алардын декабрь айынын башында Бишкек шаарынын көчөлөрүнөн уурдалган автоунаага дагы тиешеси бар экени аныкталды. Мындан башка дагы Чүй облусу жана Бишкек шаарында автоунаа уурдоого байланышкан кылмыштарга аралашканы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости