www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажал дагы адашабы?

Бул окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда болгон-деп, өзүн Асылкан деп тааныштырган эже айтып олтурду:

-Менин чоң апам Сейне жашы жетимиш жетиге таяп калган кезде катуу ооруп, төшөк тартып жатып калды. Доктурлар ачык эле “киши болбойт” деп чыгарып салышкан.

Биз апам менен коштошуу үчүн шаардан келип, жанында бир эки күн туруп калганбыз. Аңгыча эле Ошто окуган иним келип калды, апама учурашуу үчүн. Ошол күнү апамды улуу агамдын үйүнө алып кеткен үчүн, иним апама учурашып келип, жата турган кез болгондо апам  ооруп жаткан диванга жатууга туура келди. Аны биз кайдан билип коюптурбуз.

Түн ортосунда эле иним башым ооруп жатат дегенинен дары берип коюп кайра жаткам. Эртеси таң атты. Иним төшөктөн турбаганынан “түндө башым ооруп жатат деп жатпады беле” деп аны ойготкон эмеспиз. Качан убакыт түшкө жакындаганынан ойготуп чай берели десек, эчак эле жаткан бойдон каза болуп калыптыр. Ал эми "өлөт" деп күтүп жаткан апабыз өлбөй эле ошол бойдон сакайып кетип, азыр жашы токсонго чыгып калды.

Айтайын дегенибиз, бул жерден ажал дагы адашып жанды алабы?-деген суроо туулат. Айткандай апамдын ордуна инибиз каза болуп калганы ушул кезге чейин табышмак бойдон калды. Эгер иним апабыз жаткан диванга жатпаса, ооруп жаткан апабыз каза болуп, оору эмне экенин билбей басып жүргөн инибиз, каза болбой тирүү жүрмөк беле деген ой. Адам баласы пенде болгондон кийин ар татаптуу нерсени ойлой берет экен. Кыскасы, илдетке кабылган кишинин ордуна жатпаш керекпи же анын кийимин да кийбеш керекпи? деген суроо пайда болууда. Бирок жашоонун айтып бүтпөгөн сыры түгөнбөйт эмеспи. Балким дин аалымдары бул окуянын өңүтүнө карап, так жооп бериши да толук мүмкүн.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров,

NazarNews.kg

Последние новости