www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тээ илгертен бери айтылган кеп бар “эшек мингендин эки буту тынбайт, эки аял алгандын кулагы тынбайт” деген. Ансыңары аялдын азгырыгына ээ боло албай, токол аял алган жарандарыбыздын саны арбын.

Чоң кызматта иштеген Калыбектин көзү айдай сулуу Айымкүлгө түшүп калып, акыры акчасын чачып, ар кандай белек берип жатып кыздын жүрөгүн багындырып тынды.

“Аял көз менен сүйөт” деп айтылгандай, курган Айымкүл алданганын кеч билди.

Бир үйдүн жалгыз кызы болгон үчүн Айымкүлдүн турмушка чыкканын уккан ата-энеси, кубанычтары ичтерине батпай куда күтүү аземине катуу даярданып,  алыс-жакындан тууган-туушкандарын, тааныш-билиштерин “куда тосушкула” деп чакыргандарычы. Албетте курган ата менен эне балдарынын жакшылыктарын жакын адамдары менен тең бөлүшкүлөрү келээри да чын. Айымкүл ичинен сызып, сыртынан сыр бербей Калыбек менен үйүнө отко кирип бармай болду.

 Ушул жерден акчасы чөнтөгүн тиреген Калыбек жакын тааныш адамдарын, тели теңтуштарын жакын адамы катары кудага алып барууну ойлоп, сот тармагында иштеген байке  досун, жакшы кызматта иш алып барган тели- теңтуштары менен ич ара сүйлөшүп, айтылган күнү үч жол тандабас машина менен таң эрте жолго чыкты. Андан дагы Айымкулдүн теңтуш кыздары  бир экөөнүн жасалма аялы болуп, кыскасы он чакты киши кудага келишти. Колунда бар кыздын атасы айылга кир бериштен эле тосуп алды. Калыбек барын алдына ала ойлонуштуруп койгон үчүн, өзү балдар үйүндө өскүнүн анан атасынын туугандары кылып аз киши мене келгенин айтты. Ооба, көп киши келет деп күтүп жаткан куда тоскондор, үркөрдөй болуп келген аз кишиге ичтери чыкпай калды. Ичкери кирип тасмалдын четинен орун алганда Калыбек Калыңга деп эки миң долларды карматканда, кыздын ата-энеси жана туугандарынын кабактары ачыла түйштү. Жалгыз кызы үчүн куда тосууга абдан катуу даярданганын ушундан улам билсек болот, кызыр эм тай союлуп, эки жерден түштөнүп, беш жолу кол чайкатылынды. Жасалма куда болуп баргандар бир мешоктон устукан алып, кийиттин кымбатын кийип, сыйга карк болуп, кабактары ачык  кетишти.

Кыскасы ушунча тарткан убара чын болсо кана. Кайран гана ата менен эненин эмгеги, таза тилеги, тарткан азабы.

Эгер келген кудалары жасалма эмес, чын куда болсо анда өкүнүч кеп айтылбайт эле. Акча эмнени гана кылбайт. Минтип тааныбаган кишилер кудага барып сый көрөт деп кимдин оюна келет.

Андан дагы кечинде келген Калыбек өз үйүнө кайын журтунан кийген кийиттерди, алган сый устукандарын алып келген жок. Алып келсе чоң чыр чыгары турган иш. Бирок бул жасалма жашоо көпкө жашаган жок. Алданган Айымкүл акыры жалгыз калып, ичтеги баланы жалгыз тарбиялоо үчүн өзүн камдап, тагдырдын бул жазганына айласы жок көндү. Ал эми сүйүп-күйүп, жан алы калбай алганча шашкан Калыбек эки баласын кыя албай өзүнүн үй-бүлөсүн тандап кеткени байкуш аял затынын алдангандагы бир кичине белгисин берди. Айталы дегенибиз, жаш кыздар алдангандан алыс болуп, үйүңөргө жасалма куда эмес, чыныгы куда барышын ойлогула-деп сөзгө  чекит коюлу.

(каармандардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди)

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров,

NazarNews.kg

Последние новости