www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ак жол» партиясынан бери ушу кезге чейин ажолордун тилин таап, аларга аюу кызматын көрсөтүп келаткан депутат Азамат Арапаев Кыргызстандагы чириген миллионерлердин бири экени маалым. Ал түштүк боюнча бышык кирпич чыгаруу жагынан бирден-бир монополист.
Маселен ага таандык «Даннур-Юг» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коому 12 лицензияга ээлик кылат.
Алар, Алайдагы: «Чыйырчык-Южный», «Чыйырчык», Аравандагы “ Кароол –Тоо”, «Кокликтау-2», «Кокликтау», «Араван» аянты, Кара-Суудагы «Жилгин-Сай» кени, «Гүлбахар» кени, «Мады» кени, «Западное месторождение» участогу, «Центральное месторождение» участогу, «Ош 9» кени.
Арапбаевге 2005-жылдан бери алган уруксат кагаздарынын бардыгы Ош облусунун аймагында берилип, жалпы жонунан 452 гектарды ээлейт. Эл өкүлүнүн курулуш материалдарын чыгарган ишканасы мамлекетке 2018-жылы 33 миллион 705 миң сомдой төлөгөн.
Мындан сырткары, Адилет министрлигинин расмий сайтында Азамат Арапбаевге жана анын жакындарына 11 ишкана катталгандыгы көрсөтүлгөн. Бир сөз менен айтканда, Арапбаев өз байлыгын көбөйтүү үчүн эле депутат болуп келет.
Булак: "Багыт"