www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 –Кошумча каржылоо) жана Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2–Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген.

Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 78 млн доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 млн доллар жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ал эми кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеӊилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Төрт тасмалуу акы төлөнө турган жаӊы жол 2021-жылдын май-июнь айларында пайдаланууга берилүүгө тийиш. Азыр анын Балыкчы – Эпкин бөлүгүндөгү 68 чакырым жолдун курулушуна подрядчиктер тандалууда. Тендердин шарттарына ылайык, 1 км жолдун чыгымы – 700-750 миӊ доллар. Тендер жыйынтыгында ал арзандашы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости