www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саляновдун өлүмү боюнча ар кандай версиялар айтылып келаткан. Бирок кандайдыр себептер менен саясаттын негизинде өлтүрүлгөн деген версия четке кагылып келаткан. Ички иштер министринин маалымат кызматы Саляновдун өлүмү саясий негизде болгон деп кабарлады. Анткени, аны өлтүргөндөр каракчылык кылып, үйүндөгү оокаттарына тийишкен эмес. Эгер каракчылык кылып киришсе анда, алар үйдү тоноп, үйдөгү кымбат баалуу  дүнүйөлөрдү алып кетишмек. Бул жерден дагы бир версия чыгышы керек, анткени саясий себептер менен эмнеге Салянов өлтүрүлүшү мүмкүн? Салянов саясий жагдайда өлтүрүлсө, өзү үчүн эмес, эжеси Салянова үчүн курмандыкка чабылган. Анткени, Аида Салянова 2011-жылдын 14-апрелинде Роза Отунбаеванын президенттиги учурунда Башкы прокурор болуп дайындалган. Атамбаевдин бийлиги учурунда Башкы прокурор катары көптөгөн саясий куугунтуктоолорду жүргүзгөн. 2014-жылдын декабрында анын төшүнө “Манас” орденин тагып, бир айдан соң же 2015-жылдын 22-январында Башкы прокурордон кетирилген. Ошондон бери саясий куугунтукка кабылган Салянова “Ата-Мекен” партиясына кирип 2015-жылы парламент депутаты болгон. Эң алгачкылардан болуп Салянова депутат катары никеге каршы чыккан. 2017-жылдын 6-ноябрында же Атамбаевдин бийлигинин бүтүшүнө 18 күн калганда анын иниси өлтүрүлгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости