www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күн мурун белгилүү саясатчы, Азимбек Бекназаров “Мен - кыргызмын” китебинин бет ачаарын өткөрүп, ачылышка аттуу-баштуу саясатчылар келип катышкан. Бүгүн, 13-февралда Азимбек Бекназаровдун уулу, Руслан Бекназаров:

“Малайзияга узаттым.Таманыңарда бейишим. Жаратканга миң шүгүр, силерге уул болууну насип кылган. Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат. Аллах силерге адам затына арнаган жакшылыгын аябасын. Жашооңуздар пайдалуу жана берекелүү болсун”, деп өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп 26-декабарда дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости