www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асмандан түшкөндөй болгон Абылгазиев

Эки жылдан бери өкмөттү башкарып келаткан Мухамедкалый Абылгазиев 13-февралда минтип сүйлөптүр:

-«Жылда коммерциялык жана техникалык жоготуулар жогору экенин айтабыз, бирок кырдаалды өзгөртүү үчүн реалдуу кадам жасалбай жатат. Быйыл суу аз болору айтылууда, кырдаалдан кандайдыр бир жол менен чыгышыбыз керек да. Канча жылдан бери чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү тууралуу айтып келе жатабыз, бирок бул багыттын өсүшү үчүн конкреттүү иштердин планы жок. Ата мекендик экономиканын үч багыты – энергетика, өнөр жай жер казынасы, анын кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Бирок бул тармактарды өнүктүрүүнүн жаңы баскычына чыгарууга мүмкүнчүлүк түзө турган реалдуу сунуштар, кадамдар жетишсиз болууда. Иш ачык эмес, чечкиндүү жана ырааттуу аракеттер жасалбайт. Тыянак чыгаруу зарыл».

Бул- көп жылдардан бери жогору бийликте жүргөн, эки жылдан бери өкмөт башчысы болгон кишинин сөзү эмес, бул- бийлиги жок оппозиционердин сөзүнө окшойт. Абылгазиевге ким жолтоо болду ушулардын бааарын жасаганга? Ишти ким ачык жүргүздүрбөй жатат? Президентпи, парламентпи?

Айданбек Акматов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости