www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы кыргыз мигранттары үчүн шайлоо участкалары эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди.

Анын айтымына караганда, буга чейин алты участок иштеп келсе, алардын санын 12ге жеткирүү пландалып жатат.

"Консулдук каттоонун эрежеси өзгөртүлдү. Мурда көп документтер керектелсе, азыр паспорт жана анкета толтуруу менен шайлоочулардын тизмесине кире алат. Каттоо акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле электрондук каттоо дагы киргизилген. Жакында эле Россияга барып мигранттар менен жолугуп келдим, алар мындай шарттар менен 100 миңден ашык адам катталарын айтышууда", — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости