www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук Банкты минип, элди милларддарга кирептер кылган Кубанычбек Бөкөнтаев. Мурун бул жерди жыргатпаганы белгилүү Жапаровдун заманында терисин тескери жамынып мурунку вице –премьер Толкунбек Абдыгулов чыйт түкүрүп таштап кеткен банкирликке жеткен. «Арзымат» банкир катары атагы алыска чыгып, акыры Улуттук Банкты уйпалап жаткан кези. Уйпалабай кара жерге кирсин, булгап бүттү. Илгери ал Улуттук Банктын бир жагын чоюп турганда, ошол мезгилде Кабаев кыргыздын кызына сөз ыргытып жүргөн  Владимир Путин 2 млрд доллар калың берем деп турган. Жибип кеттиби ачуу басарына эле 450 млн доллар  берип жиберген. Муну ошол мезгилдеги Улуттук Банктын бир жагын чоюп турган Кубанычбек Бөкөнтаев элге жарыя кылган. Тез эле бул акчанын эсеби чыкпай, Кубанычбек Бөкөнтаев да дудукка айланды, бийлик да оозуна «скоч» жабыштырды. Кантсе да Путин анын акчасы элге жетпей Кубанычбек Бөкөнтаевдин капчыгына түшкөнүн  сезди да, калган 1 млрд 700 млн долларды бергиси келбей койду. Сугалак Кубанычбек Бөкөнтаевдин айынан калыңга келе турган акчабыздан айрылдык. Ал эми 450 млн доллар каякка кеткенин бир Кубанычбек Бөкөнтаев билбесе башка эч ким билбейт.Бөкөнтаев бөк түшүп жүрүп Улуттук Банкты минип калды, тиги миллиарддар каякка кеткенин элдин алдына барганда айтып берер. Же бетин талпак кылып жүрө береби?

Улуттук банкта доллардын курсу туруксуз болуп жатат. Доллар бир көтөрүлүп, бир төмөндөп, элдин ишеничи бул банкка жоголуп баратат. Ал эмес парламентте бул тууралуу депутаттар маселе көтөргөндөн кийин доллардын курсун 10 сомго арзандай түшкөн. Эмнеге Улуттук банк курсту туруктуу кармабай, кандайдыр бир оюн жасап жатат. Улуттук банк азыркы алмаштыруу курсунун калкыма саясатынын алкагында доллардын сомго карата наркы ички валюта рыногундагы суроо-талаптын негизинде өз алдынча түзүлөрүн белгиледи. Мындай саясатты жетекчиликке алып Улуттук банк ички валюта рыногун катуу тартипте жөнгө салуучусу боло албайт. Кандайдыр бир чек коюп, чет элдик валютанын курсунун өзгөрүү тенденциясын аныктай албайт. Кыргызстанда алмаштыруу курстары өзүнчө белгиленбейт, чет элдик валютаны алуучулар менен сатуучулардын керектөөсүнө жараша түзүлөт. Улуттук банк ички валюта рыногуна, сырткы финансы рыногуна, анын ичинде Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү аталган өлкөлөрдөгү кырдаалга ар дайым байкоо салганы менен капчыгынын камын ойлоп жатат.

Орусия менен Украина кармашкандан бери доллар долулана баштаган. 2022-жылдын башына салыштырмалуу, анда 84,8 сом болгон бир доллар, эми 106 сомго чыгып барып 70 сомго түшүп ойноп жатат. Убайын Улуттук банк көрүүдө алар беш жолу чет элдик валютаны интервенциялап 284, 3 миллион долларды алардын ичинде 66, 65 миллион доларды накталай интервенциялады.  2022-жылы бешинчи ирет 59,3 миллион сомго интервенциялоо болду, алардын 39,85 млну накталай. Буга чейин 55,35 млн сомго интервенция болгон.алардын 26, 8 млн,сому накталай. Доллардын куну түшүп, өсүп бараткан сайын Улуттук банкка кудай берет.

Улуттук банкта жештин схемасы мындай жума күнү валюта рыногун жөнгө салып, сомдун кунун сактап калуу үчүн интервенцияга шылтоолоп УБ «любимчик» банкына миллиондогондоллар которот. Алтынчы, дем алыш күндөрү бул акчалар коммерциялык негизде «оборотко» кетишет. Ортодо табылган  1 млн. долларды чөнтөгүнө шып салып койот. Доллардын курсун ал жерде шак түшүрүшөт,эки күндө 100 доллардан 100 сом таап, Кубанычбек Бөкөнтаевге  бергендерин да, андан тышкары өз курсагын да тойгузушат. Ушундай ач көз банкирлер бийлеп турганда кыргыздар өспөйт. Мындайларды отоо чөптөй жулуп салыш керек. Акчалар кимдин чөнтөгүнө ойноп жатат, бир кудай билет, бир Кубанычбек Бөкөнтаев билет.

Улуттук банктын сомдун наркын кармап калуу үчүн дагы 284, 3  долларды интервенция кылганы элдин ачуусуна тийип турат. Улуттук банктын доллардын кунун турукташтыруу үчүн жыл башынан берки бир нече жолку интервенциясынын негизинде жүзөгө ашып отурат. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк 2021-жылдын аягынан тартып валюталык интервенциясы жүргүзгөн. Акылбек Жапаров  башында турган министрлер кабинетинин иштегени билинбейт. Эгер доллардын кунун кызыл кулактык менен жогорулатууну көздөгөн түйүндөр жаап салышса туура болмок. Элдин суроо-талабын байкап, ага карата доллардын наркын дароо көтөрүп жибергендер көп.  Улуттук банк чыгарган курска көп деле карабай, негизгиси элдин талабына жараша акча алмаштыраргандар толтура. Долларды көбүнчө элдин суроо-талабына карата өйдө-ылдый кылышат. Байкап карасак доллар жок болуп, элдер дүрбөлөң боло баштаганда товардын наркы көтөрүлөт.Кээде банктар бир кишиге миң доллардан гана сатышат. Ал эми бизнесмендер, базарлардан келгендер миң доллардан эмес, 30, 40, 100 миң долларга чейин алат да. Банк бербей атса, айласыздан чайкоочуга барышат. Анан талап көбөйөт, чайкоочулар наркын көтөрүшөт. Улуттук банк 11-мартта сомдун наркын кармап калуу үчүн 284, 3 доллар интервенция жасаганы айтылууда.

Эксперттер да, чайкоочулар да шайлоодон кийин долларга карата сомдун курсунун кулашы дагы тездеши мүмкүн деп жатышат. Анткени шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында саясий партиялар кассада доллар менен каткан акчаларын азыр элге чачып жаткан убак. Ал процесс токтогондо эмне болорун айтыш кыйын.

Кыргыз сому коңшу өлкөлөрдүн улуттук акчаларынын наркы кетип жаткан процесске кошо тартылууда. Өткөн жылдан бери Орусиянын рубли жана Казакстандын теңгеси долларга карата дээрлик 70 пайыз кунун жоготту. Кыргыз сомунун наркынын кемиши өткөн жылы 12 пайыз, бул жылы болсо 16 пайызды түзүп бараткан, эми канчага көтөрүлдү ким билет?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости